Чындыгында, кабыр – бул акырет баскычтарынын биринчи баскычы. Эгерде адам андан кутулса, андан кийинкилери андан жеңил болот. Ал эми андан кутула албаса, андан кийинкилери андан да оор болот.
- التصنيف الشرعي
- الأدعية والأذكار والرقائقالرقائق والمواعظأهوال القبور
Усмандын (Аллах андан ыраазы болсун) кызматчысы Хани айтат: "Усман кабырдын башында турганда сакалы суу болгончо ыйлачу. Ошондо ага: "Бейиш менен тозок эскерилгенде ыйлабайсың да, мында (кабырда) ыйлайсыңбы?" - деп айтылды. Усман (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Чындыгында, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
«Чындыгында, кабыр – бул акырет баскычтарынын биринчи баскычы. Эгерде адам андан кутулса, андан кийинкилери андан жеңил болот. Ал эми андан кутула албаса, андан кийинкилери андан да оор болот»."
«إِنَّ الْقَبْرَ أَوَّلُ مَنْزِلٍ مِنْ مَنَازِلِ الْآخِرَةِ، فَإِنْ نَجَا مِنْهُ فَمَا بَعْدَهُ أَيْسَرُ مِنْهُ، وَإِنْ لَمْ يَنْجُ مِنْهُ فَمَا بَعْدَهُ أَشَدُّ مِنْهُ».
Момундардын амири Усман ибн Аффан (Аллах андан ыраазы болсун) эгер кабырдын жанына туруп калса, көз жашы сакалын суулаганча ыйлачу, ошондо ага мындай деп айтылды: Бейиш менен тозок эскерилгенде, бейишти эңсеп же тозоктон коркуп ыйлабайсың! Эмне үчүн кабырда ыйлайсың? Усман айтты: "Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабарлады: Кабыр – акырет баскычтарынын биринчи баскычы. Эгерде адам андан аман-эсен кутулса, андан кийинки баскычтар андан жеңил болот. Ал эми анын азабынан кутула албаса, андан кийинки жаза андагыдан да катуу болот."
Усмандын (Аллах андан ыраазы болсун) бейиш менен сүйүнчүлөнгөндөрдөн болгонуна карабастан, Аллах Тааладан болгон коркуусун баяндоо.
Кабырдын жана Кыяматтын коркунучтарын эстегенде ыйлоого шариятта уруксат берилген.
Кабыр жыргалчылыгын жана азабын тастыктоо.
Кабыр азабынан коркутуу жана эскертүү.
Сунан ат-Тирмизи (4/ 130) (2308).
Сунан Ибн Маажа (5/ 333) (4267).
Сунан ат-Тирмизи (4/ 130) (2308).
Сунан Ибн Маажа (5/ 333) (4267).
Дагы (12)
مشكاة المصابيح.
للتبريزي (1/ 48).
تحفة الأحوذي بشرح جامع الترمذي.
المباركفوري (6/ 490).
مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.
لعلي القاري (1/ 215).
مشكاة المصابيح.
للتبريزي (1/ 48).
تحفة الأحوذي بشرح جامع الترمذي.
المباركفوري (6/ 490).
مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.
لعلي القاري (1/ 215).