Skip to content

Чындыгында, Куран ээсинин мисалы буту жип менен тушалган төөнүн ээси сыяктуу. Эгер ал аны карап байлап турса, кармап калат, а эгер бошотуп койсо качып кетет.

Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:

"Чындыгында, Куран ээсинин мисалы буту жип менен тушалган төөнүн ээси сыяктуу. Эгер ал аны карап байлап турса, кармап калат, а эгер бошотуп койсо качып кетет."

«إِنَّمَا مَثَلُ صَاحِبِ القُرْآنِ كَمَثَلِ صَاحِبِ الإِبِلِ المُعَقَّلَةِ، إِنْ عَاهَدَ عَلَيْهَا أَمْسَكَهَا، وَإِنْ أَطْلَقَهَا ذَهَبَتْ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды окуп үйрөнүп, аны тилават кылып окууга көнүп калган адамды - мейли китептен карап окусун же жаттан окусун - буту жип менен тушалган төөнүн ээсине окшоштурган. Ал төөнү дайым карап байлап турса кармап калат, а эгер бошотуп койсо качып кетет. Ошол сыяктуу эле, Куран ээси да аны улам окуп турса эсинде сактайт, болбосо, эсинен чыгып, унутуп калат. Демек, Куранга бекем болуп, көңүл буруп турса эле, ал сакталган боюнча калат.

Хадистин пайдалары

Куранды дайым кайталап турууга, аны окууга жана унутуп калуудан сак болууга кызыктыруу.

Куранды дайыма окуу адамдын тилин жатыктырып, аны окууну жеңилдетет, ал эми аны таштап койсо, окуу ага оорлошуп, кыйналып калат.

Казы Ияд мынтип айткан: "«Куран ээси» - дегендин мааниси: аны менен дайыма бирге болгон адам. Ал эми ээси болуу – бул жакын шериги болуу. Ушундан улам: баланча баланчанын шериги, ошондой эле Бейиш ээлери жана Тозок ээлери деп айтылат."

Даават кылуунун ыкмаларынын бири – мисал келтирүү.

Ибн Хажар мынтип айткан: "Төөнү өзгөчө бөлүп айткандыгынын себеби, ал үй жаныбарларынын ичинен эң катуу үрккөнү. Ал катуу үркүп качкандан кийин аны кайра кармоо кыйынга турат."

Булактар

Сахих ал-Бухари (6/ 193) (5031).

Сахих Муслим (1/ 543) (789).

Сахих ал-Бухари (6/ 193) (5031).

Сахих Муслим (1/ 543) (789).

Дагы (12)

شرح صحيح مسلم.

للنووي (6/ 77).

فيض القدير شرح الجامع الصغير.

لعبدالرؤوف المناوي (3/ 3).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (13/ 12).

شرح صحيح مسلم.

للنووي (6/ 77).

فيض القدير شرح الجامع الصغير.

لعبدالرؤوف المناوي (3/ 3).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (13/ 12).