Чындыкты көргөн же билген учурда, элден коркуу силерден эч бир адамды аны айтуудан тосуп калбасын.
Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
"Чындыкты көргөн же билген учурда, элден коркуу силерден эч бир адамды аны айтуудан тосуп калбасын."
«لَا يَمْنَعَنَّ رَجُلًا مِنْكُمْ مَخَافَةُ النَّاسِ أَنْ يَتَكَلَّمَ بِالْحَقِّ إِذَا رَآهُ أَوْ عَلِمَهُ».
Пайгамбар ага (Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына хутба кылып, анда осуят кылган иштеринин бири: Мусулман адам акыйкатты көргөн же билген кезде, адамдардан коркуу, алардын сүрү жана күч-кубаты аны чындыкты айтуудан же ага буйруудан тыйып койбосун.
Чындыкты ачыка чыгарууга жана адамдардан коркуп аны жашырбоого чакыруу.
Чындыкты айтуу – аны айтуу ыкмасында адепти, даанышмандыкты жана жакшы насаатты сактабоо дегенди билдирбейт.
Туура эмес иштен тыюу жана Аллах Тааланын акысын ага каршы келген адамдардын кызыкчылыктарынан жогору коюу важиб.
Сунан ат-Тирмизи (4/ 53) (2191).
Сунан Ибн Маажа (5/ 141) (4007).
Муснад Ахмад (17/ 490) (11403).
Сунан ат-Тирмизи (4/ 53) (2191).
Сунан Ибн Маажа (5/ 141) (4007).
Муснад Ахмад (17/ 490) (11403).