Skip to content

Куран окугула, анткени ал Кыямат күнү өз ээлерине шапаатчы болуп келет.

Абу Умама Ал-Баахилий (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: "Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум":

«Куран окугула, анткени ал Кыямат күнү өз ээлерине шапаатчы болуп келет. Эки нурдуу: Бакара жана Аали Имран сүрөлөрүн окугула, анткени ал экөө Кыямат күнү эки булут сыяктуу, же эки көлөкө сыяктуу, же катар-катар тизилген куштардын эки тобу сыяктуу келип, аны окуган адамдарды коргошот. Бакара сүрөсүн окугула, анткени аны алуу – береке, ал эми таштоо – өкүнүч, жана ага сыйкырчылардын күчү жетпейт».

«اقرؤوا القرآنَ فإنَّه يأتي يوم القيامة شَفِيعًا لأصحابه، اقرؤوا الزَّهرَاوَين البقرةَ وسورةَ آل عِمران، فإنهما تأتِيان يوم القيامة كأنهما غَمَامَتان، أو كأنهما غَيَايَتانِ، أو كأنهما فِرْقانِ من طَيْر صَوافٍّ، تُحاجَّان عن أصحابهما، اقرؤوا سورة البقرة، فإن أخذها بَرَكة، وتركها حَسْرة، ولا تستطيعها البَطَلَة».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды дайыма окуп жүрүүгө үндөгөн. Анткени ал Кыямат күнү аны окуган жана анын өкүмдөрүнө амал кылган адамдарга шапаат кылат. Андан соң Бакара жана Аали Имран сүрөлөрүн окууну баса белгилеп, алардын нуру жана туура жолго баштоосу себептүү бул экөөнү «Захравайн» (эки нур чачуучу) деп атаган. Бул эки сүрөнү окуунун, маанилерине ой жүгүртүүнүн жана алардагы өкүмдөргө амал кылуунун сооп-сыйлыгы Кыямат күнү эки булут, же ошого окшогон нерсе сыяктуу, же болбосо канаттарын жайып, бири-бирине туташкан эки топ куш сыяктуу келет да, алар өз ээсине көлөкө түшүрүп, аны коргошот. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Бакара сүрөсүн дайыма окууну, анын маанилерине ой жүгүртүүнү жана анда айтылгандарга амал кылууну, бул сүрөөдө дүйнө жана акыретте чоң береке жана пайда бар экенин, ал эми муну таштап коюуда Кыямат күнү өкүнүч жана арман бар экенин, ошондой эле бул сүрөнүн артыкчылыгы – аны окуган адамга сыйкырчылар зыян келтире албастыгын баса белгилеген.

Хадистин пайдалары

Куранды тилават кылып, көбүрөөк окууга буйрук берилди. Ошондой эле ал Кыямат күнү өз ээлерине: аны окугандарга, анын хидаятын бекем кармангандарга, ал буйруган нерселерге амал кылгандарга жана ал тыйган нерселерди таштагандарга шапаат кылары баяндалды.

Бакара жана Аали Имран сүрөлөрүн окуунун артыкчылыгы жана алардын чоң сообу.

Бакара сүрөсүн окуу артыкчылыктуу иштерден, анткени ал окуган адамды сыйкырдан коргойт.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 553) (804).

Сахих Муслим (1/ 553) (804).

Дагы (24)

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

لعلي القاري (4/ 1460).

التنوير شرح الجامع الصغير.

لمحمد الصنعاني (2/ 606).

شرح الأربعين النووية.

لابن عثيمين (ص232).

معارج القبول بشرح سلم الوصول إلى علم الأصول.

لحافظ الحكمي (2/ 846).

التَّحبير لإيضَاح مَعَاني التَّيسير.

لمحمد الصنعاني (2/ 9).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل المبارك (ص579).

مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.

لعلي القاري (4/ 1460).

التنوير شرح الجامع الصغير.

لمحمد الصنعاني (2/ 606).

شرح الأربعين النووية.

لابن عثيمين (ص232).

معارج القبول بشرح سلم الوصول إلى علم الأصول.

لحافظ الحكمي (2/ 846).

التَّحبير لإيضَاح مَعَاني التَّيسير.

لمحمد الصنعاني (2/ 9).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل المبارك (ص579).