Skip to content

Мен Умар ибн Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) менен бирге айт күнү болдум. Ошондо ал мындай деди: «Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул эки күндө орозо кармоого тыюу салган: биринчиси — орозоңорду аяктап, ооз ача турган күнүңөр (Орозо айт), ал эми экинчиси — курмандыкка чалган малыңардын этинен жей турган күнүңөр (Курман айт)».

Ибн Азхардын мавласы (бошотулган кулу) Абу Убайд мындай дейт:

«Мен Умар ибн Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) менен бирге айт күнү болдум. Ошондо ал мындай деди: "Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул эки күндө орозо кармоого тыюу салган: биринчиси — орозоңорду аяктап, ооз ача турган күнүңөр (Орозо айт), ал эми экинчиси — курмандыкка чалган малыңардын этинен жей турган күнүңөр (Курман айт)"».

شَهِدْتُ العِيدَ مَعَ عُمَرَ بْنِ الخَطَّابِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ، فَقَالَ: هَذَانِ يَوْمَانِ نَهَى رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنْ صِيَامِهِمَا: يَوْمُ فِطْرِكُمْ مِنْ صِيَامِكُمْ، وَاليَوْمُ الآخَرُ تَأْكُلُونَ فِيهِ مِنْ نُسُكِكُمْ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Орозо айт жана Курман айт күндөрү орозо кармоого тыюу салган. Орозо айт — Рамазан айындагы парз орозо аяктап, ооз ача турган күн болсо, ал эми Курман айт — курмандыкка чалынган малдын этинен жей турган күн болуп саналат».

Хадистин пайдалары

Орозо айт жана Курман айт күндөрү, ошондой эле Курман айттын уландысы болуп саналган Ташрик күндөрү да орозо кармоого тыюу салынат. Ал эми Курман айтта (ажылык учурунда) курмандык чалууга мал таппай калган адамдарга гана ушул Ташрик күндөрү орозо кармоого уруксат берилген.

Ибн Хажар мындай деген: «Бул эки күндүн өзгөчөлүгүн сыпаттоонун пайдасы — ал күндөрү ооз ачуунун (орозо кармабоонун) милдеттүү экендигинин себебине ишарат кылуу экени айтылган. Анын биринчисинде (Орозо айтта) — орозо убактысы аяктап, ооз ачуу аркылуу ибадаттын толук бүткөнүн көрсөтүү максат кылынат. Ал эми экинчисинде (Курман айтта) — Аллахка жакындаш үчүн союлган курмандыктын этинен жеш үчүн уруксат берилген».

Хутба кылуучу хутбасында ошол убакытка тиешелүү өкүмдөрдү баян кылып, ылайыктуу учурларга көңүл буруусу мустахаб.

Курмандыктын этинен жеш шарият кызыктырган иштерден.

Булактар

Сахих ал-Бухари (3/ 42) (1990).

Сахих Муслим (2/ 799) (1137).

Сахих ал-Бухари (3/ 42) (1990).

Сахих Муслим (2/ 799) (1137).

Дагы (16)

تيسير العلام.

لعبد الله البسام (ص344).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.

لابن عثيمين (3/ 461).

الإفهام في شرح عمدة الأحكام.

لابن باز (ص426).

خلاصة الكلام شرح عمدة الأحكام.

لفيصل آل مبارك (ص161).

تيسير العلام.

لعبد الله البسام (ص344).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.

لابن عثيمين (3/ 461).

الإفهام في شرح عمدة الأحكام.

لابن باز (ص426).

خلاصة الكلام شرح عمدة الأحكام.

لفيصل آل مبارك (ص161).