Skip to content

Намазга бекем болгула жана кол астыңардагыларга жакшы мамиле кылгыла!

Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өлүм төшөгүндө жаткандагы эң негизги осуяты: «Намазга бекем болгула жана кол астыңардагыларга жакшы мамиле кылгыла! Намазга бекем болгула жана кол астыңардагыларга жакшы мамиле кылгыла!» - деген сөз болду. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көкүрөгү кырылдап, тили сөзгө араң келип калганга чейин ушул осуятты кайталады.

كَانَتْ عَامَّةُ وَصِيَّةِ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ حِينَ حَضَرَهُ الْمَوْتُ: «الصَّلَاةَ وَمَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ، الصَّلَاةَ وَمَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ»، حَتَّى جَعَلَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يُغَرْغِرُ بِهَا صَدْرُهُ، وَمَا يَكَادُ يُفِيضُ بِهَا لِسَانُهُ.

رواه النسائي في السنن الكبرى وابن ماجه
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жан берер алдында үммөтүнө эң көп айткан осуяты мындай болду: «Намазды бекем кармагыла, аны калтырбай окугула жана андан бейкапар болбогула. Ошондой эле кол астыңардагы кулдар менен күңдөрдүн акыларын бергиле жана аларга жакшы мамиле кылгыла». Ал бул сөздөрдү тамагы кырылдап, тили ачык айта албай калганга чейин кайталай берди.

Хадистин пайдалары

Намаздын орду жана кол астындагылардын акысы өтө улук, анткени Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң акыркы осуятында ушул экөөнү керээз кылган.

Намаз – Аллахтын пенделердин үстүндөгү эң улуу акыларынан. Ал эми жаратылгандардын акысын өтөө, өзгөчө алсыздардын жана өз балдарынан башка кол астындагылардын акысын берүү – жаратылгандардын эң улуу акыларынан болуп саналат.

Булактар

Сунан ал-Кубра лин-Насааи (6/ 387) (7058).

Сунан Ибн Маажа (4/ 6) (2697).

Муснад Ахмад (19/ 209) (12169).

Сунан ал-Кубра лин-Насааи (6/ 387) (7058).

Сунан Ибн Маажа (4/ 6) (2697).

Муснад Ахмад (19/ 209) (12169).

Дагы (2)

النهاية في غريب الحديث والأثر (668).

النهاية في غريب الحديث والأثر (668).