Skip to content

Куранды чеберчилик менен окуган адам урматтуу, баш ийүүчү периштелер менен бирге болот. Ал эми Куранды кыйналуу менен окуган адамга эки сооп берилет

Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:

«Куранды чеберчилик менен окуган адам урматтуу, баш ийүүчү периштелер менен бирге болот. Ал эми Куранды кыйналуу менен окуган адамга эки сооп берилет».

«الْمَاهِرُ بِالْقُرْآنِ مَعَ السَّفَرَةِ الْكِرَامِ الْبَرَرَةِ، وَالَّذِي يَقْرَأُ الْقُرْآنَ وَيَتَتَعْتَعُ فِيهِ، وَهُوَ عَلَيْهِ شَاقٌّ، لَهُ أَجْرَانِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды окуп, аны жакшы жаттаган, туура жана чеберчилик менен окуган адамдын акыреттеги сообу – анын даражасы урматтуу, баш ийүүчү элчи периштелер менен бирге болуусу экендигин, ал эми жаттоосу начар болгондуктан Куранды окууда мүдүрүлүп, кыйналуу менен окуган, ага оор жана машакаттуу болгонуна карабастан окуусун уланткан адамга эки сооп берилерин кабарлаган: биринчиси, окуганы үчүн, экинчиси, кыйналганы жана окууда мүдүрүлгөнү үчүн.

Хадистин пайдалары

Сооп жана сыйлык алуу үчүн Куранды жаттоого, аны так билүүгө жана көп окууга кызыктыруу, ошондой эле муну аткаргандардын даражасынын бийик экендигин баяндоо.

Казы Ияд айтты: "Мунун мааниси Куранды кыйналуу менен окуган адамдын сообу аны чеберчилик менен окуган адамдын сообунан көбүрөөк болот дегенди билдирбейт. Тескерисинче, чебер окуучу абзел жана анын сообу көбүрөөк. Анткени ал элчи периштелер менен бирге болот жана ага көптөгөн сооптор берилет. Бул даража андан башкага айтылган эмес. Аллах Тааланын китебине, аны жаттоого, мыкты өздөштүрүүгө, көп окууга жана түшүнүүгө тигил адам чеберликке жеткиче көңүл бургандай көңүл бурбаган адам кантип ага теңдеше алмак эле."

Ибн Баз айтат: "Куранды чеберчилик менен окуган, аны туура окуп жана жакшы жаттаган адам урматтуу, баш ийүүчү периштелер менен бирге болот. Мааниси: эгерде ал жөн гана окуу менен чектелбестен, аны сөзү менен окуп жана амалы менен аткарса, аны туура окуп жана анын өкүмдөрүнө амал кылса, анда ал аны сөз жүзүндө да, мааниси боюнча да толук аткарган болот."

Булактар

Сахих ал-Бухари (6/ 166) (4937).

Сахих Муслим (1/ 549) (798).

Сахих ал-Бухари (6/ 166) (4937).

Сахих Муслим (1/ 549) (798).

Дагы (32)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 226).

تحفة الأحوذي بشرح جامع الترمذي.

لمحمد المباركفوري (8/ 174).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص580).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 639).

شرح كتاب التوحيد من صحيح البخاري.

لعبدالله الغنيمان (2/ 592).

فتح الباري بشرح صحيح البخاري.

لابن حجر العسقلاني (9/ 127).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (12/ 562).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمصطفى الخِن وغيره (1/ 740).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 226).

تحفة الأحوذي بشرح جامع الترمذي.

لمحمد المباركفوري (8/ 174).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص580).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 639).

شرح كتاب التوحيد من صحيح البخاري.

لعبدالله الغنيمان (2/ 592).

فتح الباري بشرح صحيح البخاري.

لابن حجر العسقلاني (9/ 127).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (12/ 562).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمصطفى الخِن وغيره (1/ 740).