Силерден мурун өткөн адамдардын арасында жарадар болгон бир киши бар эле. Ал чыдамы кетип бычак алды да, аны менен колун кесип салды. Ошентип кан токтобой, ал өлүп калды. Аллах Таала мындай деди: «Пендем өз жанын кыйып, Менден (өлүмгө) озуп кетти, Мен ага бейишти арам кылдым».
- التصنيف الشرعي
- الأدعية والأذكار والرقائقالرقائق والمواعظذم المعاصي
Хасан айтат: "Бизге Жундуб ибн Абдуллах (Аллах андан ыраазы болсун) ушул мечитте (хадис) айтып берди. Ал бизге айтып бергенден бери биз унуткан жокпуз жана Жундуб Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атынан жалган айттат деп биз коркпойбуз. Ал айтты: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтты:"
"Силерден мурун өткөн адамдардын арасында жарадар болгон бир киши бар эле. Ал чыдамы кетип бычак алды да, аны менен колун кесип салды. Ошентип кан токтобой, ал өлүп калды. Аллах Таала мындай деди: «Пендем өз жанын кыйып Менден (өлүмгө) озуп кетти, Мен ага бейишти арам кылдым»."
«كَانَ فِيمَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ رَجُلٌ بِهِ جُرْحٌ، فَجَزِعَ، فَأَخَذَ سِكِّينًا فَحَزَّ بِهَا يَدَهُ، فَمَا رَقَأَ الدَّمُ حَتَّى مَاتَ، قَالَ اللَّهُ تَعَالَى: بَادَرَنِي عَبْدِي بِنَفْسِهِ، حَرَّمْتُ عَلَيْهِ الجَنَّةَ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизден мурун өткөндөрдүн арасында бир киши жаракат алып, чыдамы кетип, ооруга сабыр кылбай, бычак алып, аны менен колун кесип өлүмгө шашылганын, анан кан токтобой каза болгонун, ошондо Аллах Таала: «Пендем өз жанын кыйып, Менден (өлүмгө) оозуп кетти, Мен ага бейишти арам кылдым», - деп айтканын кабарлады.
Сыноого сабыр кылуунун артыкчылыгы жана андан да оор абалга алып келбеши үчүн ооруларга наалыбоо.
Мурдагы өткөн үммөттөр тууралуу жакшылык жана өрнөк камтыган нерселерди айтуу.
Ибн Хажар мынтип айткан: Бул хадисте Аллахтын акыларын сактоо жана Анын макулуктарына болгон ырайымы камтылган, анткени Ал аларга өз жандарын кыюуну арам кылган жана жандар Аллахтын мүлкү болуп эсептелет.
Өлтүрүүгө алып баруучу себептерди кылуунун арамдыгы жана буга катуу азаптар бар.
Ибн Хажар мынтип айтты: Бул анын пайдасы тийет деген ойдо дарыланууну максат кылбай, өлүүнү каалап кескенин көрсөтүп турат.
Сахих ал-Бухари (4/ 170) (3463).
Сахих Муслим (1/ 107) (113).
Сахих ал-Бухари (4/ 170) (3463).
Сахих Муслим (1/ 107) (113).
Дагы (10)
فتح الباري.
لابن حجر (3/ 227).
شرح النووي على مسلم (2/ 127).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص651).
فتح الباري.
لابن حجر (3/ 227).
شرح النووي على مسلم (2/ 127).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص651).