Skip to content

Кары адамдын жүрөгү эки нерседе жаш бойдон кала берет: дүйнөнү сүйүүдө жана узун үмүттө.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум:

"Кары адамдын жүрөгү эки нерседе жаш бойдон кала берет: дүйнөнү сүйүүдө жана узун үмүттө."

«لاَ يَزَالُ قَلْبُ الكَبِيرِ شَابًّا فِي اثْنَتَيْنِ: فِي حُبِّ الدُّنْيَا وَطُولِ الأَمَلِ».

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кары адамдын картайып, денеси алсырарын, бирок анын жүрөгү эки нерсени жакшы көрүүдө жаш бойдон каларын айтты. Алар: Биринчиси: Мал-дүйнөнүн көптүгү менен дүйнөнү сүйүү. Экинчиси: Жашоонун, өмүрдүн, тиричиликтин жана үмүттүн узактыгы.

Хадистин пайдалары

Инсандын табиятына бүткөн нерсени баяндоо. Ал дүйнөнү сүйүү жана узун үмүт.

Узун үмүт (арзуу) кылууну жана мал-мүлк жыйноого суктанууну айыптоо. Ошондой эле бул өлүмгө даярдануу керектигин, байдын садака берүүсүнүн артыкчылыгын жана кедейдин аруулугун (кайыр сурабай, каниеттүү болушун) талап кылат.

Адам баласынын эң жакшы көргөн нерсеси – өз жаны. Ал анын сакталышын каалайт, ошол себептүү узун өмүрдү жана байлыкты сүйөт. Анткени ал – ден-соолуктун жана жыргалчылыктын уланышынын эң чоң себептеринен болуп саналат. Ошондуктан, ал мунун түгөнүп баратканын сезген сайын, ага болгон сүйүүсү жана анын уланышына болгон каалоосу күчөйт.

Булактар

Сахих ал-Бухари (8/ 89) (6420).

Сахих ал-Бухари (8/ 89) (6420).

Дагы (4)

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (20/ 36).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (9/ 242).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (20/ 36).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (9/ 242).