Skip to content

Бизге мурутту кыскартуу, тырмакты алуу, колтук түктөрүн тазалоо, жыныс мүчөлөрүнүн айланасындагы түктөрдү тазалоонун убактысы белгиленди, аларды кырк күндөн ашуун калтырууга болбойт.

Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

"Бизге мурутту кыскартуу, тырмакты алуу, колтук түктөрүн тазалоо, жыныс мүчөлөрүнүн айланасындагы түктөрдү тазалоонун убактысы белгиленди, аларды кырк күндөн ашуун калтырууга болбойт."

وُقِّتَ لَنَا فِي قَصِّ الشَّارِبِ، وَتَقْلِيمِ الْأَظْفَارِ، وَنَتْفِ الْإِبِطِ، وَحَلْقِ الْعَانَةِ، أَلَّا نَتْرُكَ أَكْثَرَ مِنْ أَرْبَعِينَ لَيْلَةً.

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркектин мурутун кыскартуунун, колдун жана буттун тырмактарын алуунун, колтук түктөрүн тазалоонун жана жыныс мүчөлөрүнүн айланасындагы түктөрдү тазалоонун убактысын белгилеген. Аларды кырк күндөн ашуун калтырууга болбойт.

Хадистин пайдалары

Имам Шавкани айткан: "Тандалган пикир – ал Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) белгилеп берген кырк күн менен чектелет, андан ашырууга болбойт. Ошол мөөнөт аяктаганга чейин, өсүп кетсе деле кыскартууну жана ушул сыяктуу иштерди калтырып койгон адам сүннөткө каршы келген болуп эсептелбейт."

Ибн Хубайра мындай деген: "Бул хадис аны кечиктирүүнүн акыркы чеги, ал эми жакшысы аны ушул чекке жеткизбестен алуу."

Ислам дининин тазалыкка, тазаланууга жана кооздукка көңүл буруусу.

Мурутту кыскартуу: үстүнкү эриндин үстүндө өскөн кээ бир түктөрдү алуу.

Колтуктагы түктөрдү жулуу – ал жерде өскөн түктөрдү алуу, ал колдун ийин менен кошулган муунунун астындагы жер.

Киндик астындагы түктөрдү кыруу – бул эркектин жана аялдын жыныс мүчөлөрүнүн айланасында өскөн катуу түктөр.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 222) (258).

Сахих Муслим (1/ 222) (258).

Дагы (4)

شرح سنن أبي داود لابن رسلان (16/ 559).

مرشد ذوي الحجا والحاجة إلى سنن ابن ماجه والقول المكتفى على سنن المصطفى (3/ 115).

شرح سنن أبي داود لابن رسلان (16/ 559).

مرشد ذوي الحجا والحاجة إلى سنن ابن ماجه والقول المكتفى على سنن المصطفى (3/ 115).