«Силер мага келгениңерге чейин мен силерди Хаудумдун алдынан күтүп турам. Ошондо кээ бир адамдар мага жакын калганда жолдору жабылат. Мен: Оо, Раббим! Булар менден жана менин үммөтүмдөн деп айтам. Анда: «Сенден кийин алардын эмне кылгандарын билесиңби?. Аллахка ант болсун! Алар артка кайтып кетишкен» - деп айтылат.
Асма бинти Абу Бакр, радыяллаху анха, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Силер мага келгениңерге чейин мен силерди Хаудумдун алдынан күтүп турам. Ошондо кээ бир адамдар мага жакын калганда жолдору жабылат. Мен: Оо, Раббим! Булар менден жана менин үммөтүмдөн деп айтам. Анда: «Сенден кийин алардын эмне кылгандарын билесиңби?. Аллахка ант болсун! Алар артка кайтып кетишкен» - деп айтылат.
«إِنِّي عَلَى الحَوْضِ حَتَّى أَنْظُرَ مَنْ يَرِدُ عَلَيَّ مِنْكُمْ، وَسَيُؤْخَذُ نَاسٌ دُونِي، فَأَقُولُ: يَا رَبِّ مِنِّي وَمِنْ أُمَّتِي، فَيُقَالُ: هَلْ شَعَرْتَ مَا عَمِلُوا بَعْدَكَ، وَاللَّهِ مَا بَرِحُوا يَرْجِعُونَ عَلَى أَعْقَابِهِمْ».
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыямат күнү анын үммөтүнөн ага келе жаткан адамдарды көрүү үчүн өзүнүн Хаудунда болоорун баяндады. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, адамдар жакын калганда, алардын жолдору жабылат. Ошондо Пайгамбар: «Оо, Раббим, булар менден жана үммөтүмдөн» - деп айтат. Алар сен кеткенден кийин эмне кылышканын билбейсиңби? Аллахка ант болсун! Алар кайра каапырлык жолдоруна кайтышып, динден чыгып кетишкен. Демек алар сенден да, үммөтүңдөн да эмес - деп айтылат.
...:
Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламдын, үммөтүнө болгон ырайымы жана аларга болгон камкордугу.
Пайгамбарыбыздын жүргөн жолунан чыгып кетүүнүн коркунучтуулугу.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сүннөтүн карманууга чакыруу.
Сахих ал-Бухари (8/ 121) (6593).
Сахих Муслим (4/ 1793) (2292).
Дагы (2)
عمدة القاري (23/144).
البحر المحيط الثجاج (37/322).