74 : 39
إِلَّآ أَصۡحَٰبَ ٱلۡيَمِينِ
Оң тарап ээлери гана андай (туткун) эмес.
Explanation & meanings · 1
- Бул аяттагы «Оң тарап ээлери» ким экенин түшүндүрүүдө ар кандай пикирлер айтылган. Али разияллоху анху “алар – бөбөктөр” деген болсо, Ибн Аббас “алар – периштелер” деп түшүндүргөн. Анткени, бөбөктөр менен периштелер тап-такыр күнөөсүз болушат. (Тафсиру Табарий) Тафсирчи аалымдардын арасында “алар – амал китеби оң тарабынан берилип, бейишке өкүм кылынган ыкластуу мусулмандар” дегендери да бар. (Тафсийру Куртубий) Эң туурасын Аллах билүүчү.