Skip to content
النِّسَاء /

Аят 101

4 : 101

Аят 101 of النِّسَاء (4 : 101). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

النِّسَاء Аяттар 176
4 : 101

وَإِذَا ضَرَبۡتُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَلَيۡسَ عَلَيۡكُمۡ جُنَاحٌ أَن تَقۡصُرُواْ مِنَ ٱلصَّلَوٰةِ إِنۡ خِفۡتُمۡ أَن يَفۡتِنَكُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْۚ إِنَّ ٱلۡكَٰفِرِينَ كَانُواْ لَكُمۡ عَدُوّٗا مُّبِينٗا

(О, момундар) эгер жер жүзүндө сапар кылсаңар, (жана) силерге душмандын зыяны тийүүсүнөн корксоңор, намазыңардын (бир бөлүгүн) кыскартып окусаңар силерге күнөө эмес. Албетте, каапырлар силерге анык душман.

Explanation & meanings · 1
  1. Пайгамбарыбыздын көп сапарлары жихад үчүн болгон жана ушул аят түшкөндөн баштап, бардык алыс сапарларында намаздарды кыскартып (бешим, асир, куптандын парыздарын эки ирекеттен, багымдат менен шам намазын өзүндөй) окуп жүргөн. Бир күнү Умар бин Хаттаб пайгамбарыбыздан: “Оо, Аллахтын элчиси, Аллах “Эгер душмандан корксоңор, кыска намаз окугула” деген. Ал эми, тынч мезгилдеги сапарда кантебиз?” деп сураганда пайгамбарыбыз: “Кыска намазга уруксат Аллахтын силерге берген садакасы. Аны кабыл алып койгула” - деп жооп берген. Ошондон бери мусулмандар бардык мезгилдерде алыс сапарга чыкса намаздарын кыскартып (каср) окуп жүрүшөт.