Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

Рум

ﮪ

Рум is chapter 30 of the Quran and has 60 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

60 Аяттар Сүрөнүн номери 30
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

الٓمٓ

Алиф, Лаам, Миим.

Explanation & meanings · 1
  1. Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

غُلِبَتِ ٱلرُّومُ

Рум (Персиядан) жеңилди.

Explanation & meanings · 1
  1. Рум – бул 395-жылда Рим империясынын чыгыш бөлүгүндө пайда болгон өз алдынча империя. Бул мамлекет тарыхта Византия империясы деген ат менен белгилүү. Борбору Константинаполь (азыркы Стамбул) шаары болгон.

فِيٓ أَدۡنَى ٱلۡأَرۡضِ وَهُم مِّنۢ بَعۡدِ غَلَبِهِمۡ سَيَغۡلِبُونَ

Эң жакын жерде. Жана алар (Румдук аскерлер) жеңилгенден соң тез арада дагы жеңишке жетет.

Explanation & meanings · 1
  1. Бул аят Курандын чоң муъжиза экенинин далили. Анткени Аллах бул аятта Румдуктардын жеңишин окуядан тогуз жыл мурун билдирди. Эгер Куранды Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам өзү жазса, муну кайдан билмек эле?

فِي بِضۡعِ سِنِينَۗ لِلَّهِ ٱلۡأَمۡرُ مِن قَبۡلُ وَمِنۢ بَعۡدُۚ وَيَوۡمَئِذٖ يَفۡرَحُ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ

Бир нече жылдарда. Мындан мурун да, кийин да иш Аллахтын колунда. Ошол (Рум жеңген) күндө ыймандуулар сүйүнүшөт.

Explanation & meanings · 1
  1. Анткени, алар да өздөрү сыяктуу Китеп элдери, Аллахка сыйынышат. Ал эми, Персия (Фурс) жеңсе, мушриктер сүйүнүшкөн. Себеби фурстар да алар сыяктуу мушрик.

بِنَصۡرِ ٱللَّهِۚ يَنصُرُ مَن يَشَآءُۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Аллах Өзүнүн жардамы менен каалаган пенделерине жеңиш берет. Ал Кудуреттүү, Ырайымдуу.