30 : 24
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦ يُرِيكُمُ ٱلۡبَرۡقَ خَوۡفٗا وَطَمَعٗا وَيُنَزِّلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَيُحۡيِۦ بِهِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَآۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ
Жана Анын белгилеринен: (чагылгандын оту түшүүсүнөн) коркуп, жамгырдан) үмүт кылышыңар үчүн силерге чагылганды көргөзөт. Жана Ал (силерге) асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди өлгөндөн соң тирилтет. Албетте мында акыл жүгүрткөн адамдар үчүн белгилер бар.
Explanation & meanings · 2
- Чагылгандан көпчүлүк корксо, көпчүлүк үмүт кылат. Тоолуу аймактагылар чагылган чартылдаганда «Кудай-ай! Дагы бир жерди сел каптап кетпегей эле!» - деп кооптонсо, чөлдө жашап, тамчы сууга зар болгондор чагылгандан сүйүнүп, жамгыр үмүт кылышат.
- Жерге жамгыр жаабаса, ал өлөт. Б.а. кургап түшүмсүз болуп калат. Кийин Аллах жамгыр жаадырып, өлүк жерди тирилтет.