Skip to content

Мага ушундай аяттар түшүрүлдү, буга чейин аларга окшошу эч көрүлгөн эмес, (алар) муавизатайн (коргонуу сурала турган эки сүрөө).

Укба ибн Аамир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага мынтип айтты:

«Мага ушундай аяттар түшүрүлдү, буга чейин аларга окшошу эч көрүлгөн эмес, (алар) муавизатайн (коргонуу сурала турган эки сүрөө)».

«أُنْزِلَ -أَوْ أُنْزِلَتْ- عَلَيَّ آيَاتٌ لَمْ يُرَ مِثْلُهُنَّ قَطُّ، الْمُعَوِّذَتَيْنِ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Укба ибн Аамир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мынтип айтканын кабарлайт: "Аллах мага ушундай аяттарды түшүрдү, буга чейин аларга окшошу эч көрүлгөн эмес, - башкача айтканда сактануу боюнча - алар сактоочу эки сүрөө: (Кул ауузу бироббил фалак) сүрөсү жана (Кул ауузу бироббин наас) сүрөсү."

Хадистин пайдалары

Бул эки сүрөөнүн артыкчылыгынын улуулугун баяндоо.

Бардык жамандыктардан ал экөөсү менен сактанууга кызыктыруу.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 558) (814).

Сунан ан-Насааи (2/ 158) (952).

Дагы (1)

ذخيرة العقبى في شرح المجتبى (12/ 312).