"Сажда кылганыңда, алакандарыңды кой жана чыканактарыңды өйдө көтөр."
- التصنيف الشرعي
- الفقهالصلاةصفة الصلاة
Ал-Бараа (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Сажда кылганыңда, алакандарыңды жерге кой жана чыканактарыңды көтөр".
«إِذَا سَجَدْتَ، فَضَعْ كَفَّيْكَ وَارْفَعْ مِرْفَقَيْكَ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаздын саждасындагы эки колдун абалын баяндады. Бул – эки алаканды жерге бекем коюп, манжаларын бириктирип Кыбыла тарапка каратып коюу, ошондой эле эки чыканактын – билек менен каржиликтин муунунун – жерге тийбей өйдө көтөрүлүп, эки капталдан алыс болуусу.
Намаз окуучу адамга эки алаканын жерге тийгизүүсү важиб. Эки алакан – саждадагы жети мүчөнүн экөөсү.
Чыканакты жерден көтөрүп туруу мустахаб, ал эми жырткыч сыяктуу эки чыканагын жерге төшөп алуу макрух болот.
Ибадатта жигердүүлүктү, күч-кубатты жана ынтызарлыкты көрсөтүү шариятка ылайыктуугу.
Эгер намаз окуучу адам саждадагы бардык мүчөлөрүнө таянып сажда кылса, ар бир мүчө ибадаттагы өз акысын алат.
Сахих Муслим (1/ 356) (494).
Сахих Муслим (1/ 356) (494).
Дагы (12)
سبل السلام شرح بلوغ المرام.
لمحمد الصنعاني (1/ 273).
توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (2/ 235).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص162).
سبل السلام شرح بلوغ المرام.
لمحمد الصنعاني (1/ 273).
توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (2/ 235).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص162).