Мен кызыл чапан кийген, узун чачтуу адамдардын арасынан Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өткөн көркөмдүүсүн көрбөдүм.
- التصنيف الشرعي
- السيرة النبويةالشمائل المحمديةالصفات الخَلْقية
Ал-Бараа (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
"Мен кызыл чапан кийген, узун чачтуу адамдардын арасынан Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өткөн көркөмдүүсүн көрбөдүм. Анын чачы далысына түшкөн, кең далылуу, бою узун да эмес, кыска да эмес эле."
مَا رَأَيْتُ مِنْ ذِي لِمَّةٍ أَحْسَنَ فِي حُلَّةٍ حَمْرَاءَ مِنْ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، شَعْرُهُ يَضْرِبُ مَنْكِبَيْهِ، بَعِيدَ مَا بَيْنَ الْمَنْكِبَيْنِ، لَيْسَ بِالطَّوِيلِ وَلَا بِالْقَصِيرِ.
Бара ибн А'азиб (Аллах андан ыраазы болсун) чачы ийиндерине чейин түшкөн жана кызыл тилкелери бар кара изар менен рида (жамынгыч) кийген, Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өткөн сулуу адамды эч качан көрбөгөнүн кабарлайт. Жана анын көркөм келбетинин сыпаттарынан: ал кең далылуу, көкүрөгү кенен, бою узун да эмес, кыска да эмес, орто бойлуу болгон.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чачынын көркөмдүгү, көкүрөгүнүн кенендиги, боюнун келишкендиги жана башка ушул сыяктуу кээ бир сырткы көркөм сыпаттары баян кылынды.
Ардактуу сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) Пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушунчалык сүйгөндүктөн, алар өздөрүнөн кийинкилерге анын адеп-ахлагын, сырткы жана ички сыпаттарын баян кылып, жеткирип беришкен.
Сахих ал-Бухари (4/ 188) (3551).
Сахих Муслим (4/ 1818) (2337).
Дагы (2)
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص730).