Осуят кыла турган бир нерсеси бар мусулман адам, үч түн өтпөстөн анын осуяты жанында жазылуу болсун.
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум:
"Осуят кыла турган бир нерсеси бар мусулман адам, үч түн өтпөстөн анын осуяты жанында жазылуу болсун." Абдуллах ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул сөзүн уккандан бери, осуятым дайым жанымда."
«مَا حَقُّ امْرِئٍ مُسْلِمٍ لَهُ شَيْءٌ يُوصِي فِيهِ، يَبِيتُ ثَلَاثَ لَيَالٍ، إِلَّا وَوَصِيَّتُهُ عِنْدَهُ مَكْتُوبَةٌ»، قَالَ عَبْدُ اللهِ بْنُ عُمَرَ رضي الله عنهما: «مَا مَرَّتْ عَلَيَّ لَيْلَةٌ مُنْذُ سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ ذَلِكَ إِلَّا وَعِنْدِي وَصِيَّتِي».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мойнунда осуят кыла турган акылары же мал-мүлкү бар мусулман адам, ал аз болсо да, үч түн өткөрбөй осуятын жазып коюшу керектигин кабарлаган. Абдуллах ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтты: Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушуну айтканын уккандан бери, жанымда осуятым болбогон абалда бир да түн өткөргөн жокмун.
Осуят кылуу шариятта уруксат. Аны баяндоо, ал тууралуу Шарияттын буйругун аткаруу, өлүмгө даярдануу, ошондой эле осуятты жана анын кайда сарпталарын аңдап-билүү үчүн ага шашылуу зарыл. Кандайдыр бир тоскоолдук келип, аны аткаруудан чалгытып койбостугу үчүн.
Осуят: анын мааниси – убада. Бул – адамдын өзү өлгөндөн кийин мал-мүлкүнүн бир бөлүгүн тескөөнү бир адамга тапшыруусу, же жаш балдарына көз салууну бир адамга тапшыруусу, же болбосо өлгөндөн кийин өзүнө тиешелүү болгон иштердин кайсы бирин бир адамга тапшыруусу.
Осуят (керээз) үч түргө бөлүнөт: 1- Мустахаб – өлгөндөн кийин сообу жетип турушу үчүн, малынын бир бөлүгүн жакшылык жана кайрымдуулук жолуна жумшоону керээз кылуу. 2- Важиб – мойнундагы акы-милдеттерди керээз кылуу. Бул акылар мейли Аллах Таалага тиешелүү болсун (мисалы, берилбей калган зекет, кафарат жана шарият негизинде ага милдет болгон ушул сыяктуу нерселер), же адамдарга тиешелүү болсун (мисалы, карызды төлөө жана аманаттарды кайтаруу). 3- Харам – эгерде керээзинде малынын үчтөн биринен ашырып жиберсе, же мураскорго керээз кылса.
Ибн Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) артыкчылыгы, жакшылык кылууга шашылуусу жана Даанышман Шарият ээсин ээрчүүсү.
Ибн Дакик ал-Ийд мынтип айткан: "Эки же үч түнгө уруксат берүү – кыйынчылыкты жана оордукту кетирүү үчүн."
Маанилүү нерселер жазуу менен бекемделиши керек. Анткени ал укуктарды эң бекем жана ишенимдүү сактайт.
Сахих ал-Бухари (4/ 2) (2738).
Сахих Муслим (3/ 1250) (1627).
Дагы (4)
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
لإسماعيل الأنصاري (2/ 48).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص548).