Skip to content

"Билип койгула, чынында, баарыңар Раббиңерге даттанасыңар, андыктан бири-бириңерге ыза бербегиле!"

Абу Саид (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитте этикафта отурган. Бирөөлөр үнүн көтөрүп кыраат кылып жатканын угуп, көшөгөнү ачып: «Билип алгыла! Чынында, ар бириңер Раббиңерге кайрылып жатасыңар. Ошондуктан бири-бириңерге тоскоол болбогула жана кыраатта бири-бириңерден үнүңөрдү көтөрбөгүлө», - деди, же: «намазда» - деп айтты.

اعْتَكَفَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي المَسْجِدِ، فَسَمِعَهُمْ يَجْهَرُونَ بِالقِرَاءَةِ، فَكَشَفَ السِّتْرَ، فَقَالَ: «أَلَا إِنَّ كُلَّكُمْ مُنَاجٍ رَبَّهُ، فَلَا يُؤْذِيَنَّ بَعْضُكُمْ بَعْضًا، وَلَا يَرْفَعْ بَعْضُكُمْ عَلَى بَعْضٍ فِي القِرَاءَةِ»، أَوْ قَالَ: «فِي الصَّلَاةِ».

Абу Дауд жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахка жакындоо үчүн мечитинин ичиндеги чатырда этикаф кылып отурган кезде, сахабаларынын бири-бири кыжаалат кылып, өтө катуу үн чыгарып Куран окуп жатышканын укту. Анан ал чатырдын тосмосун ачып, ошондой кылгандарды жемелеп, аларга эскертти да, мындай деди: «Баарыңар Куран окуу менен Раббиңерге жалбарып жатасыңар, ошондуктан бири-бириңерге зыян тийгизбегиле жана окууда же намазда бири-бириңерден үнүңөрдү бийик көтөрбөгүлө».

Хадистин пайдалары

Эгерде бирөөгө зыян тийгизе турган болсо, Куран окуганда үнүн катуу чыгаруудан тыюу.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына Куранды окуунун адептерин үйрөткөн.

Булактар

Сунан Абу Дауд (2/ 494) (1332).

Сунан Абу Дауд (2/ 494) (1332).

Дагы (8)

شرح سنن أبي داود للعباد (162/ 18).

شرح أبي داود للعيني (5/238).

شرح سنن ابي داود لابن رسلان (6/515).

ذخيرة العقبى (11/669).

شرح سنن أبي داود للعباد (162/ 18).

شرح أبي داود للعيني (5/238).

شرح سنن ابي داود لابن رسلان (6/515).

ذخيرة العقبى (11/669).