Кайсы бир мусулман ичинде күнөө жана туугандык байланышты үзүү болбогон дуба кылса, Аллах Таала ал дубасы аркылуу ага сөзсүз үч нерсенин бирин берет: же анын дубасын бул дүйнөдө дароо кабыл кылат, же аны акыретке сактап коёт, же андан ошол дубанын өлчөмүндөй бир жамандыкты буруп (алыстатып) салат. Сахабалар: «Анда биз дубаны көбөйтөт экенбиз»,— дешти. Ал: «Аллахтын берери андан да көп»,— деп жооп берди.
Абу Саид (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
Кайсы бир мусулман ичинде күнөө жана туугандык байланышты үзүү болбогон дуба кылса, Аллах Таала ал дубасы аркылуу ага сөзсүз үч нерсенин бирин берет: же анын дубасын бул дүйнөдө дароо кабыл кылат, же аны акыретке сактап коёт, же андан ошол дубанын өлчөмүндөй бир жамандыкты буруп (алыстатып) салат. Сахабалар: «Анда биз дубаны көбөйтөт экенбиз»,— дешти. Ал: «Аллахтын берери андан да көп»,— деп жооп берди.
«مَا مِنْ مُسْلِمٍ يَدْعُو بِدَعْوَةٍ لَيْسَ فِيهَا إِثْمٌ، وَلَا قَطِيعَةُ رَحِمٍ، إِلَّا أَعْطَاهُ اللهُ بِهَا إِحْدَى ثَلَاثٍ: إِمَّا أَنْ تُعَجَّلَ لَهُ دَعْوَتُهُ، وَإِمَّا أَنْ يَدَّخِرَهَا لَهُ فِي الْآخِرَةِ، وَإِمَّا أَنْ يَصْرِفَ عَنْهُ مِنَ السُّوءِ مِثْلَهَا» قَالُوا: إِذنْ نُكْثِرُ، قَالَ: «اللهُ أَكْثَرُ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип кабар берген: «Эгер мусулман Аллахка дуба кылганда сураган нерсеси күнөө иш болбосо (мисалы, күнөө же зулумдук иштердин жеңилдешин тилеп дуба кылбаса) жана туугандык катнашты үзүүгө багытталбаса (мисалы, өз балдарына же жакындарына каршы каргыш дуба кылбаса), анда Аллах ага бул дубасы себептүү сөзсүз үч нерсенин бирин берет». Же анын дубасын дароо кабыл кылып, сураганын берет. Же болбосо, бул дүйнөдө кылган дубасынын өлчөмүндөй анын ордуна башына келе турган бир жамандык арылтылат (алыстатылат). Же болбосо бул дүйнөдө кылган дубасына жараша анын ордуна андан бир жамандык арылтылат. Ошондо сахабалар пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Андай болсо, бул артыкчылыктардын бирине жетүү үчүн дубаны көп кылабызбы?», –деп айтышты. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Чындыгында, Аллахтын алдындагы нерселер силер сураган нерселерден кыйла көп жана чоңураак. Анын берген берешендиги түгөнбөйт жана бүтпөйт»,— деп айткан.
Мусулмандын дубасы анын шарттары менен адептери сакталган учурда сөзсүз кабыл болот жана эч качан кайтарылбайт. Ошондуктан пенде ар дайым көп дуба кылышы жана анын кабыл болушуна шашылбашы керек.
Дубанын кабыл болушу сураган нерсенин берилиши менен гана чектелбейт. Тескерисинче, дубанын берекесинен пенденин күнөөлөрү кечирилет же акыретке калтырылат.
Ибн Баз минтип айткан: «Жалынып-жалбарып кайра-кайра сурануу, Аллахка карата жакшы күмөндө болуу жана үмүттү үзбөө — дубанын кабыл болушунун эң башкы себептеринен. Ошондуктан адам баласы дуба кылганда талыкпай тилек кылып, Аллах Азза ва Жаллага жакшы күмөн менен кайрылышы, ошондой эле Анын чексиз Акылман жана баарын Билүүчү экенин терең аңдап билиши зарыл. Ал Өзүнүн даанышмандыгы менен дубанын кабыл болушун тездетиши мүмкүн же белгилүү бир даанышмандыктан улам аны кечиктириши мүмкүн, же болбосо пендеге сураган нерсесинен дагы жакшыраагын тартуулайт».
Муснад Ахмад (17/ 213) (11133).
Дагы (10)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 592).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص805).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (6/ 54).
مرقاة المفاتيح شرح مشكاة المصابيح.
للقاري (4/ 1537).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1020).