Аллахтын аты менен сага дем салам. Сага ыза берген ар бир нерседен, ар бир жандын же көралбастын көзүнүн жамандыгынан, Аллах сага шыпаа берсин. Аллахтын аты менен сага дем салам.
Абу Саид (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Жебрейил периште Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: «Оо, Мухаммад, ооруп жатасыңбы?» — деп сурады. Ал: «Ооба», — деди. Ошондо [Жебрейил]: «Аллахтын аты менен сага дем салам. Сага ыза берген ар бир нерседен, ар бир жандын же көралбастын көзүнүн жамандыгынан, Аллах сага шыпаа берсин. Аллахтын аты менен сага дем салам.» Транскрипциясы: «Бисмиллаахи аркыйка, мин кулли шай-ин юзийка, мин шарри кулли нафсин ау ъайни хаасидин, Аллааху яшфийка, бисмиллаахи аркыйка.»
أَنَّ جِبْرِيلَ أَتَى النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: يَا مُحَمَّدُ اشْتَكَيْتَ؟ فَقَالَ: «نَعَمْ» قَالَ: «بِاسْمِ اللهِ أَرْقِيكَ، مِنْ كُلِّ شَيْءٍ يُؤْذِيكَ، مِنْ شَرِّ كُلِّ نَفْسٍ أَوْ عَيْنِ حَاسِدٍ، اللهُ يَشْفِيكَ بِاسْمِ اللهِ أَرْقِيكَ».
Жебрейил периште (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип, андан сурады: Оо, Мухаммад, ооруп жатасыңбы? Анан ал: Ооба - деди. Ошондо Жебрейил периште Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп дем салды: «Аллахтын аты менен» Андан жардам сурап, «сага дем салам» жана сен үчүн коргоо сурайм, кичине болобу же чоң болобу «сага ыза берген ар бир нерседен», ыплас «ар бир жандын жамандыгынан,», «же көралбастын көзүнүн» сага тийүүсүнөн, Аллах «сага шыпаа берсин», сени сактасын жана бардык оорулардан коргосун. «Аллахтын аты менен сага дем салам» деп муну күчөтүү үчүн кайталады. Ошондой эле Андан (Аруу болгон Аллахтан) башка пайда берүүчү жок экендигине ишарат кылып, сөзүн аны менен баштап, аны менен аяктады.
Наалып же нааразы болуу үчүн эмес, учурдагы абалын баян кылуу максатында оорусу тууралуу айтууга уруксат берилет.
Дем салууга төмөнкү шарттар менен уруксат берилет: 1- Дем салуу - бул Куран окуу менен, же Аллах Тааланы зикир кылуу менен жана шариятта уруксат берилген дубаларды окуу менен болушу керек. 2- Дем салуу араб тилинде, же башка тилдердеги мааниси түшүнүктүү болгон сөздөр менен болушу керек. 3- Дем салуу өзүнөн-өзү таасир бербейт деп ишенүү керек. Ал болгону себептердин бир себеби, Аллах Азза ва Жалланын уруксатысыз таасир бербейт. 4- Дем салууда ширк, же арам, же бидат, же ошолорго алып баруучу нерселер болбошу керек.
Көз тийүүнүн зыяны жана анын акыйкат экендиги анык, ошондуктан андан дем салдыруу зарыл.
Хадисте айтылгандай дуба кылып дем салуу мустахаб.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) башка инсандар сыяктуу эле, башкаларга келген ооруу ага да келет.
Аллахтын Өз пайгамбарына болгон камкордугу, аны коргоосу жана бул ишке периштелерин дайындоосу.
Сахих Муслим (4/ 1718) (2186).
Сахих Муслим (4/ 1718) (2186).
Дагы (20)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 164).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص538).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (4/ 485).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (11/ 568).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 690).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 164).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص538).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (4/ 485).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (11/ 568).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 690).