Skip to content

Үстү-башы чаң-тозон, эшиктерден куулуп киргизилбеген катардагы бир адам болушу мүмкүн, бирок ал Аллахтын аты менен ант ичсе, Аллах анын антын сөзсүз орундатат.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:

"Үстү-башы чаң-тозон, эшиктерден куулуп киргизилбеген катардагы бир адам болушу мүмкүн, бирок ал Аллахтын аты менен ант ичсе, Аллах анын антын сөзсүз орундатат."

«رُبَّ أَشْعَثَ مَدْفُوعٍ بِالْأَبْوَابِ لَوْ أَقْسَمَ عَلَى اللهِ لَأَبَرَّهُ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын арасында чачтары үксүйүп, жүдөгөн, чачы майланып-жоолонбогон жана көп жуулбаган, адамдардын арасында кадыры жок болгондуктан, алар аны кемсинтип эшигине жолотпой кууп, өздөрүнөн айдаган адамдар бар экендигин кабарлаган. Бирок ал бир нерсенин болуусуна Аллахка ант берсе, Аллах анын сураганын кабыл кылып, аны урматтоо менен анын антын бузуудан сактап, анын айтканын орундатат. Мунун себеби, анын Аллахтын алдындагы артыкчылыгы жана кадыр-баркы жогору болгону үчүн.

Хадистин пайдалары

Аллах пенденин келбетине карабайт, бирок жүрөктөргө жана амалдарга карайт.

Адам денесине жана кийимине көңүл бурганга караганда, амалына жана жүрөгүнүн тазалыгына көбүрөөк көңүл буруусу керек.

Аллахка кичипейил болуу жана Ага жалбаруу – дубанын кабыл болуусунун себеби. Ошондуктан, Аллах Таала жашыруун, такыба пенделеринин антын орундатат.

Адамдардын бири-бирин кемсинтпөөсү үчүн Пайгамбарыбыздын аларга берген тарбиясын баяндоо.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2024) (2622).

Сахих Муслим (4/ 2024) (2622).

Дагы (15)

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (5/ 48).

بهجة الناظرين.

لسليم الهلالي (1/ 344).

نزهة المتقين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 268) شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 63).

كنوز رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (5/ 48).

بهجة الناظرين.

لسليم الهلالي (1/ 344).

نزهة المتقين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 268).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 63).