Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 10

Чыпкаларды алып салуу
"Эй, адамдар! Саламыңарды жайылткыла. Ачкаларды тоюндургула! Туугандар менен катташкыла! Түндө башкалар уктап жатканда силер намаз окугула! Ошондо эч жамандыкка учурабай бейишке киресиңер!".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
«Ким эки кызды бойго жеткенге чейин багып өстүрсө, Кыямат күнү мен менен ал (ушундай) келет» - деп, манжаларын бириктирди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Силерге Аллах Таала ал аркылуу күнөө-каталарды өчүрүп, даражаларды көтөрө турган ишти айтайынбы?" Сахабалар: Айтыңыз, о, Аллахтын элчиси" - дешти. "Кыйынчылыкка карабай жеткиликтүү даарат алуу. Мечитке көп каттоо. Намаздан кийин кийинки намазды күтүү. Мына ушул (Аллах менен) бекем байланыш".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
"Кишинин сарптаган акчасынын эң абзели: Үй бүлөсүнө сарптаган акчасы, Аллах жолунда казатка чыгуу үчүн ат-улоосуна сарптаган акчасы жана Аллах жолунда жүргөн жолдошторуна сарптаган акчасы". (Хадисти риваят кылгандардын бири) Абу Килаба: "Алгач үй-бүлөдөн баштады" - деп, андан кийин Абу Килаба дагы сөзүн улай: "Жаш балдарын камсыз кылып, аларды сурануудан, муктаждыктан чыгаруудан өткөн сооптуу каржылоо болмок беле?!" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Беш убак намаз бири-бирине чейинки, жума намазы келерки жумага чейинки, Рамазан айы келерки Рамазан айына чейинки кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот, эгерде чоң күнөөлөрдөн алыс болсо».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Ар бир жакшылык – садака».
Сахих (ишенимдүү) Бухарий Жаабирден, ал эми Муслим Хузайфадан риваят кылган.
"Раббиңер Аллахтан корккула, беш убак намазыңарды окугула, айлык орозоңорду кармагыла, мал-дүйнөңөрдүн зекетин бергиле, жол башчыңарга баш ийгиле, ошондо Раббиңердин бейишине киресиңер".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган.
Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Аллахка кайсы иш-амал көбүрөөк жагат? - деп сурадым. "Өз убагында окулган намаз" - деди ал. Андан кийиничи? - дедим. "Андан кийин ата-энеге жакшы мамиле кылуу" - деди. Андан кийинчи? - деди. "Аллахтын жолунда жихадга чыгуу" - деди. Ушинтип мага ушул иш-амалдарды айтты. Эгер мен дагы сураганымда, ал дагы айтмак.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)