Кайсы пайгамбар болбосун, ага адамдар ыйман келтирүүсүнө себеп болуучу мөөжиза-кереметтер берилген.
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кайсы пайгамбар болбосун, ага адамдар ыйман келтирүүсүнө себеп болгон мөөжиза-кереметтер берилген. Ал эми мага эч кимге берилбеген, Аллах Таала аян-кабар кылган Куран берилди. Кыямат күнү пайгамбарлардын ичинен ээрчүүчүлөрү эң көбү мен болом го деп үмүт кылам".
«مَا مِنَ الأَنْبِيَاءِ نَبِيٌّ إِلَّا أُعْطِيَ مَا مِثْلهُ آمَنَ عَلَيْهِ البَشَرُ، وَإِنَّمَا كَانَ الَّذِي أُوتِيتُ وَحْيًا أَوْحَاهُ اللَّهُ إِلَيَّ، فَأَرْجُو أَنْ أَكُونَ أَكْثَرَهُمْ تَابِعًا يَوْمَ القِيَامَةِ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала бардык пайгамбарларды кубаттап, аларга алардын пайгамбарлыгына далил болчу жана өз көздөрү менен көргөн адамдардын алардын чынчылдыгына ыйман келтирүүсүн талап кылган аят-белгилерди, ошондой эле мөөжизаларды (инсандын кудуретинен сырткары болгон кереметтерди) бергенин эскерткен. Инсан ага каршы чыгууда жеңилип, аны өзүнөн кайтарууга кудурети жетпей калат, бирок (акыйкатты) жалганга чыгарып, тоң моюндук кылышы мүмкүн. Чынында Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) белгиси жана мөөжизасы – Аллах ага түшүргөн Куран. Курандын көп пайдалуу жана жалпыга тиешелүү болгондугунан улам, анда ачык-айкын жана уланып туруучу мөөжиза камтылган. Себеби ал өзүнө чакырыкты, далилди жана келечекте боло турган нерселер тууралуу кабарларды камтыйт. Ошентип, анын пайдасы ошол убакта болгондорго да, жокторго да, бар болгондорго да жана келечекте жарала тургандарга да жалпы жетти. Андан соң пайгамбар: «Кыямат күнү алардын ичинен ээрчүүчүлөрү эң көп болгону мен болом деп үмүт кылам», – деди.
Пайгамбарларга аят-белгилердин берилиши – бул Аллах Тааланын үммөттөргө болгон ырайымынан жана берешен-артыкчылыгынан.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мөөжизасынын улуулугун баяндоо.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) даражасынын улуктугун жана башка бардык пайгамбарлардан артыкчылыгын баяндоо.
Ибн Хажар анын: «Ал эми мага эч кимге берилбеген Аллах Таала аян-кабар кылган Куран берилди» деген сөзү тууралуу минтип айткан: «Мындан максат анын мөөжиза-кереметтерин ушуну менен гана чектөө эмес. Ошондой эле ага өзүнөн мурункуларга берилген мөөжиза-кереметтер берилген эмес дегендик да эмес. Тескерисинче, мындан максат – Куран андан башкаларга берилбестен, ага гана өзгөчөлөнүп берилген эң улуу мөөжиза экендигин билдирүү».
Имам Навави мындай деген: "(Мен алардын ичинен ээрчүүчүлөрү эң көп болгон пайгамбар болом деп үмүт кылам)" деген сөздө пайгамбарлыктын белгилеринин бири бар. Анткени Пайгамбар бул тууралуу мусулмандардын саны аз болгон мезгилде кабар берген. Андан соң Аллах Таала жакшылыгын ыроолоп, мусулмандарга жеңиштерди ачып, аларга берекесин берди. Натыйжада, мусулмандардын кулачы кеңейип отуруп, азыркы баарыбызга белгилүү даражага жетти. Аллахка мактоолор болсун!»
Сахих ал-Бухари (6/ 182) (4981).
Сахих Муслим (1/ 134) (152).
Сахих ал-Бухари (6/ 182) (4981).
Сахих Муслим (1/ 134) (152).
Дагы (4)
عمدة القاري شرح صحيح البخاري (25/ 25).
شرح النووي على مسلم (2/ 188).
عمدة القاري شرح صحيح البخاري (25/ 25).
شرح النووي على مسلم (2/ 188).
Китептерде келтирилген
5 КитептерДагы (4)
- رسالة موجزة عن الإسلام كما جاء في القرآن الكريم والسنة النبوية (مشتملة على الأدلة)رِسَالَةٌُ مُوجَزَةٌُ عَنِ الْإِسْلَامِ كَمَا جَاءَ فِي الْقُرْآنِ الْكَرِيمِ وَالسَّنَةِ النَّبَوِيَّة-مشتملة على الأدلة -للحرمين-«مَا مِنَ الأَنْبِيَاءِ نَبِيٌّ إِلَّا أُعْطِيَ مَا مِثْلهُ آمَنَ عَلَيْهِ البَشَرُ وَإِنَّمَا كَانَ الَّذِي أُوتِيتُ وَحْيًا أَوْحَاهُ اللَّهُ إِلَيَّ فَأَرْجُو أَنْ أَكُونَ أَكْثَرَهُمْ تَابِعًا يَوْمَ القِيَامَةِ» [27].
- موسوعة الأسئلة (المجموعة الأولى)«مَا مِنَ الأَنْبِيَاءِ مِنْ نَبِيٍّ إِلَّا قَدْ أُعْطِيَ مِنَ الآيَاتِ مَا مِثْلُهُ آمَنَ عَلَيْهِ الْبَشَرُ، وَإِنَّمَا كَانَ الَّذِي أُوتِيتُ وَحْيًا أَوْحَاهُ اللهُ إِلَيَّ، فَأَرْجُو أَنْ أَكُونَ أَكْثَرَهُمْ تَابِعًا يَوْمَ الْقِيَامَ
- موسوعة الإيمان«مَا مِنَ الأَنْبِيَاءِ نَبِيٌّ إِلَّا أُعْطِيَ مِنَ الآيَاتِ مَا مِثْلُهُ أُومِنَ، أَوْ آمَنَ عَلَيْهِ البَشَرُ، وَإِنَّمَا كَانَ الَّذِي أُوتِيتُ وَحْيًا أَوْحَاهُ اللَّهُ إِلَيَّ، فَأَرْجُو أَنِّي أَكْثَرُهُمْ تَابِعًا يَوْمَ القِيَامَةِ
- نبراس طالب (4)1«مَا مِنَ الأَنْبِيَاءِ نَبِيٌّ إِلَّا أُعْطِيَ مَا مِثْلهُ آمَنَ عَلَيْهِ البَشَرُ، وَإِنَّمَا كَانَ الَّذِي أُوتِيتُ وَحْيًا أَوْحَاهُ اللهُ إِلَيَّ»