Аллах пенделерине, бул аялдын өз баласына болгон мээриминен да мээримдүүрөөк.
- التصنيف الشرعي
- العقيدةالإيمان بالله عز وجلتوحيد الأسماء والصفات
Умар ибн Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:
Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туткундарды алып келишти. Туткундардын арасынан эмчегинен сүтү агып, эмизип жүргөн бир аял, алардын арасынан бир баланы таап алып, аны кучагына кысып, эмизди. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге: «Мына ушул аял баласын отко таштап жиберет деп ойлойсуңарбы?» – деп сурады. Биз: Жок, анын таштабоого кудурети жетип турганда эч качан таштабайт, – дедик. Ал: «Аллах пенделерине, бул аялдын өз баласына болгон мээриминен да мээримдүүрөөк» – деп айтты.
قَدِمَ عَلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ سَبْيٌ، فَإِذَا امْرَأَةٌ مِنَ السَّبْيِ قَدْ تَحْلُبُ ثَدْيَهَا تَسْقِي، إِذَا وَجَدَتْ صَبِيًّا فِي السَّبْيِ أَخَذَتْهُ، فَأَلْصَقَتْهُ بِبَطْنِهَا وَأَرْضَعَتْهُ، فَقَالَ لَنَا النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَتُرَوْنَ هَذِهِ طَارِحَةً وَلَدَهَا فِي النَّارِ؟» قُلْنَا: لاَ، وَهِيَ تَقْدِرُ عَلَى أَلَّا تَطْرَحَهُ، فَقَالَ: «لَلَّهُ أَرْحَمُ بِعِبَادِهِ مِنْ هَذِهِ بِوَلَدِهَا».
Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Хавазинден туткундарды алып келишти. Алардын арасында баласын издеп жүргөн бир аял бар эле. Ал эмчегине сүт толуп кыйналгандыктан, бир жаш баланы тапса эле аны алып эмизип жатты. Анан ал туткундардын арасынан өз баласын таап алып, аны кучагына кысып, эмизди. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына мындай деди: Мына ушул баласын отко таштап жиберет деп ойлойсуңарбы? Биз: Ал аны өз каалоосу менен эч качан таштабайт, – дедик. Ошондо ал: Бул аялдын баласына болгон мээримине караганда, Аллахтын мусулман пенделерине болгон мээрими күчтүү, – деди.
Аллахтын пенделерине болгон кенен ырайымы. Ал аларга жакшылыкты, бейишти жана тозоктон кутулууну каалайт.
Окуялардан пайдалануу жана аларды багыт берүүдө жана тарбиялоодо байланыштырып колдонуу.
Момун пенде Аллахка жакшы ойдо болуусу, Аллахка такыбалык кылуу жана Анын дининде бекем туруу менен бирге үмүт үзбөөсү зарыл. Анткени, Аллах Тааланын ырайымы кенен.
Сахих ал-Бухари (8/ 8) (5999).
Сахих Муслим (4/ 2109) (2754).
Сахих ал-Бухари (8/ 8) (5999).
Сахих Муслим (4/ 2109) (2754).
Дагы (8)
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 380).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص284).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 380).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص284).