Жыргалчылыктарды жок кылуучуну, б.а. өлүмдү көп эстегиле
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Жыргалчылыктарды жок кылуучуну көп эстегиле," б.а. өлүмдү.
«أَكْثِرُوا ذِكْرَ هَادمِ اللَّذَّاتِ» يَعْنِي الْمَوْتَ.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өлүмдү көбүрөөк эстөөгө кызыктырган. Анткени аны эстөө аркылуу инсан акыретти эстейт жана анын жүрөгүндөгү дүнүйө ырахаттарына, өзгөчө арам кылынган нерселерге болгон сүйүүсү жок болот.
Өлүм бул дүйнө ырахаттарын токтотот, бирок ал ыймандуу адамды акырет ырахаттарына, бейиш ырахаттарына жана андагы улуу жакшылыктарга алып барат.
Өлүмдү жана андан кийинкилерди эстөө – тообо кылууга, күнөөлөрдөн тыйылууга жана акыретке даярданууга себеп болот.
Сунан ат-Тирмизи (4/ 141) (2307).
Сунан ан-Насааи (4/ 4) (1824).
Сунан Ибн Маажа (5/ 326) (4258).
Дагы (1)
ذخيرة العقبى في شرح المجتبى (18/ 219).