Skip to content

Жамаат менен окулган намаз силердин бириңердин жалгыз окуган намазынан жыйырма беш эсеге артык жана багымдат намазында түнкү периштелер менен күндүзгү периштелер чогулушат.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум:

"«Жамаат менен окулган намаз силерден бирөөңөрдүн жалгыз окуган намазынан жыйырма беш эсеге артык жана багымдат намазында түнкү периштелер жана күндүзгү периштелер чогулушат». Андан кийин Абу Хурайра айттй: Эгер кааласаңар: «Чынында, таңдын намазы күбө болунган (намаз)». - деп окугула [Исра сүрөсү, 78-аят]."

«تَفْضُلُ صَلاَةُ الجَمِيعِ صَلاَةَ أَحَدِكُمْ وَحْدَهُ، بِخَمْسٍ وَعِشْرِينَ جُزْءًا، وَتَجْتَمِعُ مَلاَئِكَةُ اللَّيْلِ وَمَلاَئِكَةُ النَّهَارِ فِي صَلاَةِ الفَجْرِ» ثُمَّ يَقُولُ أَبُو هُرَيْرَةَ: فَاقْرَءُوا إِنْ شِئْتُمْ: {إِنَّ قُرْآنَ الفَجْرِ كَانَ مَشْهُودًا} [الإسراء: 78].

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдын имам менен жамаатта окуган намазынын сообу жана сыйлыгы, анын үйүндө же базарында өзү жалгыз окуган жыйырма беш намазынан абзел болорун баяндаган. Андан соң Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түн жана күндүз периштелери багымдат намазында чогулушарын айткан, андан кийин Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) буга далил келтирип мынтип айтты: Эгер кааласаңар, төмөндөгү аятты окугула: «Чынында, таңдын намазы күбө болунган (намаз)». (Исра сүрөсү, 78-аят). Башкача айтканда, багымдат намазына түнкү периштелер жана күндүзгү периштелер күбө болушат.

Хадистин пайдалары

Ибн Хажар айтат: "Мечитте жамаат менен окулган намаз, үйдө же базарда жамаат менен же жалгыз окулган намаздан артык болот. Муну Ибн Дакик ал-Ийд айткан."

Мында багымдат намазынын пазилети бар, себеби ал периштелердин чогулуусу менен өзгөчөлөнөт.

Ибн Баз мындай деген: "Момун адам бул улуу жакшылыкка жетүү үчүн, үйү алыс болсо да, намазды ар дайым жамаат менен окууга аракет кылуусу керек."

Имам Навави жамаат менен окулган намаз жалгыз окулган намаздан жыйырма беш даража, ал эми экинчисинде жыйырма жети даража абзел делген риваяттарды айкалыштыруу жөнүндө мынтип айткан: "Бул экөөнү айкалыштыруунун үч жолу бар: Биринчиси: Алардын ортосунда карама-каршылык жок. Азды эскерүү көптү жокко чыгарбайт, ал эми усул аалымдарынын пикиринде сан түшүнүгү жараксыз. Экинчиси: Алгач азыраагы кабарланып, кийин Аллах Таала артыкчылыкты көбөйткөндүгүн билдирген соң, көбүрөөгү тууралуу кабар берилген. Үчүнчүсү: Бул намаз окугандардын жана намаздын абалдарына жараша өзгөрөт. Кээ бирлери үчүн жыйырма беш, ал эми кээ бирлери үчүн жыйырма жети болот. Бул намаздын толук кандуулугуна, анын сүннөттөрүн сактоого, хушуусуна, жамааттын көптүгүнө жана алардын артыкчылыгына, жердин улуктугуна ж.б. ушул сыяктуу нерселерге жараша болот. Аллах эң жакшы билүүчү."

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 131) (648).

Сахих Муслим (1/ 450) (649).

Дагы (4)

تيسير الكريم الرحمن في تفسير كلام المنان.

لعبد الرحمن آل سعدي (ص464).

توضيح الأحكام مِن بلوغ المرام.

لعبد الله البسام (2/ 210).