Аны каргабагыла, Аллахка ант болсун, менин билишимче ал Аллахты жана анын элчисин жакшы көрөт.
Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) доорунда Абдуллах аттуу бир киши бар эле. Анын Химар (эшек) деген лакап аты бар болчу. Ал Аллахтын Элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күлдүрүп турчу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны мас кылуучу ичимдик ичкени үчүн балак уруп жазалаган эле. Күндөрдүн биринде аны дагы алып келишти. Пайгамбарыбыз буйрук берип, ага балак урулду. Ошондо адамдардын арасынан бир киши: «О, Аллах! Ага наалат болсун! Аны улам эле алып келишет го!» - деди. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ага каргыш айтпагыла! Аллахка ант болсун, мен анын Аллахты жана Анын Элчисин жакшы көрөөрүн билем», - деди.
أَنَّ رَجُلًا عَلَى عَهْدِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ اسْمُهُ عَبْدَ اللَّهِ، وَكَانَ يُلَقَّبُ حِمَارًا، وَكَانَ يُضْحِكُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، وَكَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَدْ جَلَدَهُ فِي الشَّرَابِ، فَأُتِيَ بِهِ يَوْمًا فَأَمَرَ بِهِ فَجُلِدَ، فَقَالَ رَجُلٌ مِنَ القَوْمِ: اللَّهُمَّ الْعَنْهُ، مَا أَكْثَرَ مَا يُؤْتَى بِهِ؟ فَقَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لاَ تَلْعَنُوهُ، فَوَاللَّهِ مَا عَلِمْتُ أَنَّهُ يُحِبُّ اللَّهَ وَرَسُولَهُ».
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) убагында Абдуллах аттуу киши бар эле, анын лакап аты Химар болчу. Ал өзүнүн кээ бир сөздөрү менен Пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күлдүрчү. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны мас кылуучу ичимдик ичкени үчүн камчы менен урдурган болчу. Күндөрдүн биринде мас кылуучу ичимдик ичкен абалында аны дагы алып келишти эле, буйрук берип, ага дагы балак чабышты. Ошондо ал жерде тургандардын бири аны тилдеп: "Аллах муну каргышына алсын. Бул мас кылуучу ичимдик ичкени үчүн көп келип жатат?!" - деди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аны Аллахтын мээриминен куулсун деп дуба кылбагыла. Аллахка ант, мен анын Аллахты жана Анын элчисин жакшы көрөрүн гана билем" - деди.
Тыюу салынган ишти жасоо менен аны жасаган адамдын жүрөгүндө Аллахка жана Анын элчисине болгон сүйүүнүн бар болуусу бири-бирине карама-каршы келбейт. Анткени Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аталган киши ушундай ишке барганына карабастан, анын Аллахты жана Анын элчисин жакшы көрөрүн кабарлаган.
Чоң күнөө кылып жүрүп, ага тообо кылбастан өтүп кеткен адам Аллахтын каалоосунда болот, Аллах кааласа аны кечирет, кааласа азаптайт. Ал эми Ислам элинен (жүрөгүндө ыйманы бар) эч ким түбөлүк тозокто калбайт.
Арак ичкен белгилүү бир адамга каргыш айтуу макирөө. Анткени каргыштын ага жетүүсүн тыйып коё турган нерсе болушу ыктымал. Ошондой эле, белгилүү бир адамга каргыш айтуу жана ага жаман дуба кылуу аны күнөөсүн уланта берүүгө түртүшү, же тообосунун кабыл болуусунан үмүтүн үздүрүп коюусу мүмкүн.
Ушундай сыпатка ээ болгондорго атайын бир адамды белгилебестен жалпылай каргыш айтууга уруксат.
Сахих ал-Бухари (8/ 158) (6780).
Сахих ал-Бухари (8/ 158) (6780).
Дагы (4)
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (9/ 452).
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (29/ 394).
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (9/ 452).
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (29/ 394).