Биз үммөттөрдүн акыркысы жана биринчи сурала турганыбыз.
- التصنيف الشرعي
- العقيدةالإيمان باليوم الآخرالحياة الآخرة
Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Биз үммөттөрдүн акыркысыбыз жана суракка алына тургандардын биринчисибиз. Кыяматта: "Үммий (окуу-жазууну билбеген) үммөт жана анын пайгамбары кайда?" – деп айтылат. Ошентип, биз (заманы боюнча) акыркылар, (бирок сурагы боюнча) биринчилербиз».
«نَحْنُ آخِرُ الأُمَمِ، وَأَوَّلُ مَنْ يُحَاسَبُ، يُقَالُ: أَيْنَ الأُمَّةُ الأُمِّيَّةُ وَنَبِيُّهَا؟ فَنَحْنُ الآخِرُونَ الأَوَّلُونَ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнүн үммөтү жаралуусу жана заманы боюнча акыркы үммөт, ошондой эле Кыямат күнү суракка алына турган эң биринчи үммөт болорун кабарлаган. Кыямат күнү: "Уммий үммөт жана анын пайгамбары кайда?" – деп айтылат. Бул анын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) окууну жана жазууну билбеген сабатсыздыгына таандык кылынган. Ошентип, алар суракка биринчи болуп чакырылат. Биз убакыт жана жашоо жагынан акыркыларбыз, ал эми Кыямат күнү сурак берүүдө жана Бейишке кирүүдө биринчилербиз.
Бул үммөттүн мурунку коомдордон артыкчылыгы.
Дагы (6)
حاشية السندي على سنن ابن ماجه (2/575).
ذخيرة العقبى في شرح المجتبى (16/52).
مرشد ذوي الحجا والحاجة إلى سنن ابن ماجه (26/241).
حاشية السندي على سنن ابن ماجه (2/575).
ذخيرة العقبى في شرح المجتبى (16/52).
مرشد ذوي الحجا والحاجة إلى سنن ابن ماجه (26/241).