Эгерде адам баласынын эки өрөөн байлыгы болсо, ал үчүнчү өрөөндү да кааламак.
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтты:
«Эгерде адам баласынын эки өрөөн байлыгы болсо, ал үчүнчү өрөөндү да кааламак. Адам баласынын ичин топурак гана толтурат. Жана ким тообо кылса, Аллах анын тообосун кабыл кылат».
«لَوْ كَانَ لِابْنِ آدَمَ وَادِيَانِ مِنْ مَالٍ لَابْتَغَى وَادِيًا ثَالِثًا، وَلَا يَمْلَأُ جَوْفَ ابْنِ آدَمَ إِلَّا التُّرَابُ، وَيَتُوبُ اللهُ عَلَى مَنْ تَابَ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгер адам баласы алтынга толгон өрөөнгө ээ болсо, табиятындагы ач көздүгүнөн улам анын дагы эки өрөөнү болушун кааларын жана тээ өлүп, ичи кабыр топурагына толгонго чейин дүйнөгө болгон ач көздүгүнөн арылбастыгын кабарлаган.
Инсандын байлык топтоого жана башка дүйнө мал-мүлкүнө болгон өтө ачкөздүгү.
Ан-Навави мындай деген: Бул хадисте дүйнөгө ач көздүк кылуу, аны көбөйтүүнү сүйүү жана ага умтулуу айыпталат.
Аллах Таала жаман сыпаттардан тообо кылган адамдын тообосун кабыл кылат.
Ан-Нававий минтип айткан: Хадис адам баласынын көпчүлүгүнүн дүнүйөгө болгон ач көздүгүнө карата айтылган. Муну пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген сөзү тастыктайт: (Ким тообо кылса, Аллах анын тообосун кабыл кылат).
Сахих ал-Бухари (8/ 93) (6439).
Сахих Муслим (2/ 725) (1048).
(1/ 148).
Сахих ал-Бухари (8/ 93) (6439).
Сахих Муслим (2/ 725) (1048).
(1/ 148).
Дагы (10)
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 54).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 76).
المعجم الوسيط.
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 54).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 76).
المعجم الوسيط.