Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) назр кылуудан тыйып: "Назр жакшылык алып келбейт, сараң адамдан гана чыгарылуусу талап кылынат" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Кимде-ким мусулман адамдын мал-мүлкүн тартып алуу үчүн жалган ант берсе, Аллахка ал Аллах ага ачууланган абалда жолугат." Ал-Ашас айтты: Аллахка ант, бул мен жөнүндө болгон. Мени менен бир Яхудийдин ортосунда жер бар эле, ал менин акымды танып койду. Анан мен аны Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып бардым. Ошондо Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага: "Сенин далилиң барбы?" - деди. Мен: Жок, - дедим. Ал Яхудийге: "Ант ич", - деди. Мен: Оо, Аллахтын элчиси, анда ал ант ичип, менин мал-мүлкүмдү алып кетет да", - дедим. Ошондо Аллах Таала: «Ал эми, Аллахка берген убадаларын жана анттарын арзыбаган баага сатып жиберген кишилер....» (Алу Имран сүрөсү, 77-аят) - деген аятты аягына чейин түшүрдү.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Ашари уруусунан бир канча адам болуп Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мингенге улоо сурап бардык. Ал: "Аллахка ант болсун, силерге улоо бере албаймын. Менде силерге бере турган улоо жок" - деди. Арадан бир аз өткөндөн кийин ага олжого түшкөн төө келип калып, бизге үч төө берүүгө буйруду. Биз төөнү алып кетип жатканда бири-бирибизге: Бизди Кудай урду го, Аллахтын элчисине улоо сурап барып ал бизге улоо бербеймин деп Аллахтын атына касам ичип, анан кайра улоо берип койду го деп сөз кылдык. Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Анан Аллахтын элчисине кайра келип оюбузду айттык. Ал: "Силерге төөнү мен берген жокмун, Аллах Таала берди. Аллах кааласа, мен касам ичип кийин андан жакшы ишти көрсөм, касамымды бузуп, жакшы ишти аткара берем" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)