Skip to content

Эгер момундарга – же: үммөтүмө – кыйынчылык жаратпаганымда, анда аларга ар бир намаздан алдын мисвак колдонууну буйрумакмын

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:

«Эгер момундарга – же: үммөтүмө – кыйынчылык жаратпаганымда, анда аларга ар бир намаздан алдын мисвак колдонууну буйрумакмын».

«لَوْلَا أَنْ أَشُقَّ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ -أَوْ: عَلَى أُمَّتِي- لَأَمَرْتُهُمْ بِالسِّوَاكِ عِنْدَ كُلِّ صَلَاةٍ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгерде үммөтүнөн болгон момундарга кыйынчылык болуп калуусунан коркпогондо, аларга ар бир намазда мисвакты колдонууну милдеттүү кылмак экенин кабарлады.

Хадистин пайдалары

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө болгон жумшактыгы жана аларга кыйынчылык жаралып калуусунан чочулоосу.

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйругу негизинен милдеттүү болуп эсептелет, эгерде анын ыктыярдуу (нафил) экендигине далил келбесе.

Ар бир намаздан алдын мисвакты колдонуу мустахаб жана анын артыкчылыгы бар.

Ибн Дакик аль-Ид айтат: "Намазга турарда мисвакты колдонуунун сыры: бул учур Аллахка жакындашуу абалы болгондугунда. Ошондуктан ибадаттын улуктугун көрсөтүү үчүн толук жана таза абалда болуу талап кылынат."

Хадистин жалпы мааниси орозо кармаган адам үчүн чак түштөн кийин да — мисалы, бешим жана аср намаздарынын убагында — мисвак колдонууну камтыйт.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 220) (252).

Сахих ал-Бухари (2/ 4) (887).

Сахих Муслим (1/ 220) (252).

Сахих ал-Бухари (2/ 4) (887).

Дагы (8)

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص46).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (1/ 50).

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص46).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.

لابن عثيمين (1/ 50).