Skip to content

"Туруп оку, эгер анте албасаң, анда отуруп оку. Эгер анте да албасаң, анда жатып оку" - деди.

Имран бин Хусайн (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Менин гемморой оруум бар эле. Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды кантип окуу тууралуу сурасам, ал:

"Туруп оку, эгер анте албасаң, анда отуруп оку. Эгер анте да албасаң, анда жатып оку" - деди.

«صَلِّ قَائِمًا، فَإِنْ لَمْ تَسْتَطِعْ فَقَاعِدًا، فَإِنْ لَمْ تَسْتَطِعْ فَعَلَى جَنْبٍ».

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды негизи туруп окуу керектигин баяндаган. А эгер туруп окууга мүмкүнчүлүгү чектелген абал болсо, анда отуруп окуса болот. А эгер отуруп окууга да алы келбесе, анда жатып окуса жарай турганын кабарлады.

Сөздөрдүн маанилери

بواسير: جمع باسور، وهو ورم يصيب مقعدة الإنسان.

Хадистин пайдалары

Адамдын акылы жайында турган учурда намаз анын моюнунан түшүп калбайт, мүмкүнчүлүгүнө жараша абалдан абалга өтүп намазын окушу керек.

Пенденин ибадатты мүмкүнчүлүгүнө жараша аткарганы - Исламдын жеңил жана кечирим дин экендигин кабарлайт.

Булактар

Сахих ал-Бухари (2/ 48) (1117).

Дагы (4)

توضيح الأحكام من بلوغ المرام.

لعبدالله البسام (2/ 322).

منحة العلام في شرح بلوغ المرام.

لعبد الله الفوزان (3/ 202).