Skip to content

"Баары тагдыр менен болот. Жада калса жалкоолук жана шаттуулук да тагдыр менен болот». Башка риваятта: «шаттуулук жана жалкоолук» деп айтты.

Тооус, рахимахуллах, айтат: «Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, сахабаларынын кээ бирлерин мындай деп айтканын уктум: «Бардык нерсе тагдырга жараша болот».

"Баары тагдыр менен болот. Жада калса жалкоолук жана шаттуулук да тагдыр менен болот». Башка риваятта: «шаттуулук жана жалкоолук» деп айтты.

«كُلُّ شَيْءٍ بِقَدَرٍ، حَتَّى الْعَجْزِ وَالْكَيْسِ، أَوِ الْكَيْسِ وَالْعَجْزِ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бардык нерсе тагдыр менен болорун айтты. Жада калса жалкоолук да тагдыр менен болорун айтты. Жалкоолук - бул кылынышы керек болгон нерсени таштоо. Дүйнө жана акырет иштерин өз убактысынан кечиктирүү. Жада калса шаттуулук да тагдыр менен болот. Шаттуулук - бул дүйнө жана акырет иштеринде аракеттенүү жана акылдуулук кылуу. Аллах Таала жалкоолукту, шаттуулукту жана башка бардык нерсени тагдыр кылып койгон. Ага Аллахтын илими жана каалоосу болмоюнча ишке ашат.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Сахабалардын, Аллах алардан ыраазы болсун, тагдырга болгон ишеними баяндалды.

Бардык нерсе Аллахтын каалоосу менен болот, ал тургай, жалкоолук жана аракет кылуу да тагдыр менен болот.

Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, хадисин жеткирүүдөгү сахабалардын тактыгы жана этияттыгы. Аллах алардан ыраазы болсун.

Жакшы иштер жана жаман иштер да тагдырдан болот деп ишенүү керек.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2045) (2655).

Дагы (3)

إكمال المعلم (8/143).

شرح النووي على مسلم (16/205).

الفتح الرباني لترتيب مسند الإمام أحمد بن حنبل الشيباني (1/ 122).