Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

الانفِطَار

ﯿ

الانفِطَار is chapter 82 of the Quran and has 19 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

19 Аяттар Сүрөнүн номери 82
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

إِذَا ٱلسَّمَآءُ ٱنفَطَرَتۡ

Асман жарылып,

وَإِذَا ٱلۡكَوَاكِبُ ٱنتَثَرَتۡ

Жылдыздар төгүлүп,

وَإِذَا ٱلۡبِحَارُ فُجِّرَتۡ

деңиздер (толуп-ташып), бири-бирине кошулганда...

وَإِذَا ٱلۡقُبُورُ بُعۡثِرَتۡ

Жана мүрзөлөр оодарылганда...

عَلِمَتۡ نَفۡسٞ مَّا قَدَّمَتۡ وَأَخَّرَتۡ

(Ар бир) жан (ээси) эмне ишти алып келгенин жана (эмне ишти кечиктирип) калтырганын билип алат.

Explanation & meanings · 1
  1. Кыяматта мүрзөлөр оодарылып, ичиндеги өлүктөргө жан киргизилип, жер сыртына чыгарылат. Бул жөнүндө пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам “Силер (ал күнү) жылаңайлак, жылаңач, “сүннөт” кылынбаган абалда (сот-сурак майданына) чогултуласыңар” деген. (“Мишкатул масаабих”. 3/75. 5535-хадис).