Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

عَبَسَ

عَبَسَ is chapter 80 of the Quran and has 42 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

42 Аяттар Сүрөнүн номери 80
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

عَبَسَ وَتَوَلَّىٰٓ

(Пайгамбар) кабагын бүркөп, жүзүн буруп алды,

Explanation & meanings · 1
  1. Сүрөнүн түшүү себеби төмөндөгүчө: Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Меккенин этибарлуу байларын динге даават кылып отурганда, шариятка өтө берилген, өзүн ширктен жана башка чоң күнөөлөрдүн тазалаган Абдуллах ибн Умм-Мактум деген сокур киши келип, бир маселе сурайт. Ал пайгамбардын бош эмес экенин көрбөгөн. Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам болсо, сөзүнүн бөлүнгөнүнө ачууланып, кабагын бүркөп, жооп бербей, байлар менен сүйлөшүүсүн улантат. Бирок, бул байлар жанагы сокур киши сыяктуу күнөө иштерден өздөрүн тазалабаган, динге өзү умтулуп келбеген кишилер эле. Аллах таала пайгамбарынын бул жоругунун ката экенин эскертип, аны жемелеп, ушул сүрөнү түшүргөн. «Абаса» «кабак бүркөдү», «маңдайын тырыштырды» деген мааниде.

أَن جَآءَهُ ٱلۡأَعۡمَىٰ

алдына (маселе сурап) сокур киши келгенде.

وَمَا يُدۡرِيكَ لَعَلَّهُۥ يَزَّكَّىٰٓ

(Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, ал (сокур киши жаман кулк-мүнөздөрдөн) тазадыр!

أَوۡ يَذَّكَّرُ فَتَنفَعَهُ ٱلذِّكۡرَىٰٓ

Же болбосо, (Аллах тааланы) эскерээр, анан эскермеси ага пайда берээр?!

أَمَّا مَنِ ٱسۡتَغۡنَىٰ

Ал эми, муктаж эмес адам(дар келгенде)