Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

التَّحرِيم

التَّحرِيم is chapter 66 of the Quran and has 12 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

12 Аяттар Сүрөнүн номери 66
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ لِمَ تُحَرِّمُ مَآ أَحَلَّ ٱللَّهُ لَكَۖ تَبۡتَغِي مَرۡضَاتَ أَزۡوَٰجِكَۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Оо, пайгамбар! Эмне үчүн аялдарыңдын көңүлү үчүн Аллах сага адал кылган нерселерди (өзүңө) арам кылып жатасың?! Аллах Кечиримдүү, Боорукер!

Explanation & meanings · 1
  1. Сүрөнүн «Тахрим» (Өзүнө бир нерсени арам кылып алуу) деп аталышына төмөндөгү окуя себеп болгон: Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Зейнеп деген аялынын үйүнөн бал ичип чыгат жана Хафса менен Айшанын алдына кирет. Бул эки аялы Зейнепке катуу атаандаштык кылчу. Анан экөө сүйлөшүп алып, пайгамбарыбызга «Оозуңуз бир аз жыттанып калыптыр» дешет. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам аялдарынын көңүлү үчүн «Экинчи бал ичпеймин» деп ант берет. Бул аят ушул жоругу үчүн пайгамбарыбызга Аллахтын эскертүүсү.

قَدۡ فَرَضَ ٱللَّهُ لَكُمۡ تَحِلَّةَ أَيۡمَٰنِكُمۡۚ وَٱللَّهُ مَوۡلَىٰكُمۡۖ وَهُوَ ٱلۡعَلِيمُ ٱلۡحَكِيمُ

Аллах силерге антыңардан кайтуунун жолун үйрөткөн. Силердин кожоюнуңар – Аллах. Ал – Билүүчү, Даанышман.

Explanation & meanings · 1
  1. Аллах таала үйрөткөн анттан кайтуунун жолу он кедейди тойдуруу же кийинтүү же болбосо бир кул азат кылуу. Эгер ага кудурети жетпесе, үч күн орозо тутуу.

وَإِذۡ أَسَرَّ ٱلنَّبِيُّ إِلَىٰ بَعۡضِ أَزۡوَٰجِهِۦ حَدِيثٗا فَلَمَّا نَبَّأَتۡ بِهِۦ وَأَظۡهَرَهُ ٱللَّهُ عَلَيۡهِ عَرَّفَ بَعۡضَهُۥ وَأَعۡرَضَ عَنۢ بَعۡضٖۖ فَلَمَّا نَبَّأَهَا بِهِۦ قَالَتۡ مَنۡ أَنۢبَأَكَ هَٰذَاۖ قَالَ نَبَّأَنِيَ ٱلۡعَلِيمُ ٱلۡخَبِيرُ

Бир кезде пайгамбар аялдарынын кээ бирине сырын ачты (жана «эч кимге айтпа» деди). Ал эми (аялы) аны ашкерелеп жибергенде муну Аллах (пайгамбарына) билдирди. (Пайгамбар Аллах билдирген нерселердин) кээ бирин (сыр ачкан аялына) айтты, кээ бирин айтпады. Ага айтканда ал: «муну сизге ким билдирди?!» деди. Айткын: «Билүүчү, Кабардар (Аллах) билдирди!».

Explanation & meanings · 1
  1. Бул аяттагы сыр ачкан аял Хафса энебиз. Ал сырды Айша энебизге айтып койот. Демек, бул жерде экөө тең күнөөлүү: бири сырды ачуучу, экинчиси аны жактырып угуучу.

إِن تَتُوبَآ إِلَى ٱللَّهِ فَقَدۡ صَغَتۡ قُلُوبُكُمَاۖ وَإِن تَظَٰهَرَا عَلَيۡهِ فَإِنَّ ٱللَّهَ هُوَ مَوۡلَىٰهُ وَجِبۡرِيلُ وَصَٰلِحُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۖ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ بَعۡدَ ذَٰلِكَ ظَهِيرٌ

(Оо, пайгамбардын эки аялы!) эгер силер Аллахка тообо кылсаңар жүрөгүңөрдү (пайгамбар сүйгөн нерсени сүйүүгө, ага жакпаган нерсени жек көрүүгө) муютат. Ал эми, ага каршы чыксаңар, (билип алгыла) анын (ишенген) Эгеси – Аллах! Андан кийин анын жардамчылары Жебирейил, ыйманы таза момундар жана периштелер!

عَسَىٰ رَبُّهُۥٓ إِن طَلَّقَكُنَّ أَن يُبۡدِلَهُۥٓ أَزۡوَٰجًا خَيۡرٗا مِّنكُنَّ مُسۡلِمَٰتٖ مُّؤۡمِنَٰتٖ قَٰنِتَٰتٖ تَٰٓئِبَٰتٍ عَٰبِدَٰتٖ سَٰٓئِحَٰتٖ ثَيِّبَٰتٖ وَأَبۡكَارٗا

Эгер пайгамбар силердин талагыңарды берип жиберсе, Аллах ага силерден жакшыраак, мусулман, ыймандуу, моюн сунган, тообо кылуучу, ибадатчыл жана орозо кармоочу кыз-жубандарды алмаштырып бериши мүмкүн.