39 : 10
قُلۡ يَٰعِبَادِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ رَبَّكُمۡۚ لِلَّذِينَ أَحۡسَنُواْ فِي هَٰذِهِ ٱلدُّنۡيَا حَسَنَةٞۗ وَأَرۡضُ ٱللَّهِ وَٰسِعَةٌۗ إِنَّمَا يُوَفَّى ٱلصَّٰبِرُونَ أَجۡرَهُم بِغَيۡرِ حِسَابٖ
Менин ыймандуу пенделериме айткын: «Раббиңерден корккула! Ушул дүйнөдө жакшылык (амалдарын) жасагандар үчүн (Акыретте андан абзел) жакшылык бар. Жана Аллахтын жери кенен. Ал сабыр кылуучуларга сооп-сыйлыктарын эсепсиз толуктап берет.
Explanation & meanings · 1
- Эгер Аллахтын Өзүнө динди (ибадатты) калыс кылууга кандайдыр күчтөр тарабынан мүмкүнчүлүк берилбей, ширк иштерге мажбурлоо болсо, анда чыныгы момун адам хижрат кылып башка журтка чыгып кетет. Аллахтын жери кенен.