Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

سَبإ

سَبإ is chapter 34 of the Quran and has 54 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

54 Аяттар Сүрөнүн номери 34
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي لَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَهُ ٱلۡحَمۡدُ فِي ٱلۡأٓخِرَةِۚ وَهُوَ ٱلۡحَكِيمُ ٱلۡخَبِيرُ

Аллахка мактоо(лор) болсун! (Анткени), асмандардагы жана жердегинин бардыгы Анын мүлкү. Ага Акыретте да мактоолор болсун! Ал Даанышман, Кабардар!

يَعۡلَمُ مَا يَلِجُ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا يَخۡرُجُ مِنۡهَا وَمَا يَنزِلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ وَمَا يَعۡرُجُ فِيهَاۚ وَهُوَ ٱلرَّحِيمُ ٱلۡغَفُورُ

Ал жерге кирген, жерден чыккан, асмандан түшкөн жана асманга көтөрүлө турган (бардык) нерселерди билет. Ал – Ырайымдуу, Кечиримдүү!

Explanation & meanings · 1
  1. «Жерге кирген» нерселер жамгыр, дан-уруктар, жерге (мүрзөгө) коюлган денелер, «жерден чыккан» нерселер өсүмдүктөр, булактар жана кыяматта жерден кайра тирилип чыгуучу пенделер. «Асмандан түшкөн» нерселер ырыскылар, Аллахтын өкүмү, тагдыры ал эми, «Асманга көтөрүлгөн нерсе» периштелер, рухтар жана адамдардын жакшы амалдары.

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَا تَأۡتِينَا ٱلسَّاعَةُۖ قُلۡ بَلَىٰ وَرَبِّي لَتَأۡتِيَنَّكُمۡ عَٰلِمِ ٱلۡغَيۡبِۖ لَا يَعۡزُبُ عَنۡهُ مِثۡقَالُ ذَرَّةٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَآ أَصۡغَرُ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكۡبَرُ إِلَّا فِي كِتَٰبٖ مُّبِينٖ

Каапырлар: «Бизге кыямат келбейт» дешет. Сен айткын: «Жок, андай эмес! Раббиме ант, силерге (кыямат) келет! (Менин Раббим) кайыпты Билүүчү! Андан асмандар жана жердеги кыпындай нерсе да кайып боло албайт! Андан (кыпындан) кичинерээк нерселер да, чоңураак нерселер да анык Китепте (Лавхул-Махфузда) бар.

لِّيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُم مَّغۡفِرَةٞ وَرِزۡقٞ كَرِيمٞ

Ыйман келтирип, жакшы амал кылгандарга (Аллах) сооп-сыйлык бериши үчүн. Аларга кечирим жана улук ырыскы (бейиш) бар.

وَٱلَّذِينَ سَعَوۡ فِيٓ ءَايَٰتِنَا مُعَٰجِزِينَ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٞ مِّن رِّجۡزٍ أَلِيمٞ

Ал эми, Биздин аяттарыбызды(н өкүмүн) алсыратууга аракеттенген адамдарга (акыретте) жан ооруткан катуу азап бар!