Skip to content
سَبإ /

Аят 35

34 : 35
سَبإ Аяттар 54
Сүрө · سَبإ
Kyrgyz · Hakimov
34 : 35

وَقَالُواْ نَحۡنُ أَكۡثَرُ أَمۡوَٰلٗا وَأَوۡلَٰدٗا وَمَا نَحۡنُ بِمُعَذَّبِينَ

Жана алар: «Биздин мал-дүйнөбүз, бала-бакырабыз көп. Биз азапка салынбайбыз» дешти.

Explanation & meanings · 1
  1. Алар ушул дүйнөдө жөлөк-таяк болгон дүйнө-мүлкүбүз, тууган-уруктарыбыз ошол дүйнөдө да ишке жарайт. Бул дүйнөдөгү жазадан пара берип, тааныштарды ортого салып кутулуп кеткен сыяктуу наркы дүйнө тозогунан да бир нерсе «узатып» кутулуп кетебиз деп ойлошот. Дагы алар Аллах бизди сүйгөн үчүн ушунча мал-мүлк, бала-чака берди деп ойлошот. Бирок, Аллах бул дүйнөдө мүлктү Өзү каалаган каапырларга да беришин, бирөөнү кедейлик менен сынаса, бирөөнө байлык берип сынашын билишпейт.