34 : 41
قَالُواْ سُبۡحَٰنَكَ أَنتَ وَلِيُّنَا مِن دُونِهِمۖ بَلۡ كَانُواْ يَعۡبُدُونَ ٱلۡجِنَّۖ أَكۡثَرُهُم بِهِم مُّؤۡمِنُونَ
«Өзүң (шериктерден) Аруу-Тазасың! (Оо, Раббим!) Алар эмес, Сен биздин Колдоочубузсуң! Жок, алар (Бизге эмес) жиндерге ибадат кылышкан. Алардын көпчүлүгү жиндерге ыйман келтиргендер» (деп жооп берет периштелер).
Explanation & meanings · 1
- «Мага кайыптан кабар келди» деген адамдарга «кайып кабарларын», чынында, жиндер шыбырайт. Каапыр жиндер каапыр адамдарды ушинтип шылдың кылат. Болбосо, жиндердин өздөрү деле кайып кабарын билишпейт. (Ушул сүрөнүн 14-аятына караңыз).