34 : 14
فَلَمَّا قَضَيۡنَا عَلَيۡهِ ٱلۡمَوۡتَ مَا دَلَّهُمۡ عَلَىٰ مَوۡتِهِۦٓ إِلَّا دَآبَّةُ ٱلۡأَرۡضِ تَأۡكُلُ مِنسَأَتَهُۥۖ فَلَمَّا خَرَّ تَبَيَّنَتِ ٱلۡجِنُّ أَن لَّوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ ٱلۡغَيۡبَ مَا لَبِثُواْ فِي ٱلۡعَذَابِ ٱلۡمُهِينِ
Качан Биз Сулайманды өлүмгө өкүм кылганыбызда таягын жеген жер жаныбары (курт) анын өлгөнүн жиндерге көргөзүп койду: (Таягы сынып) ал жыгылып калганда гана жиндер билип калышты. Эгер алар (жиндер) кайыпты билгенде, (бул) кордук азабында калышпайт болчу.
Explanation & meanings · 1
- Жиндердин кайыпты билбестигине ушул аят далил болот. Өлүм периштеси Сулаймандын жанын таягына жөлөнүп отурган абалда алып, Аллах таала Өзүнүн кыбыраган пендеси-куртка таякты кемирүүгө буйрук бергенден баштап, курт анын ичин жеп бүтүргөнгө чейин жиндер анын өлгөнүн билбей, оор курулуш иштеринде иштей беришкен.