34 : 10
۞ وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا دَاوُۥدَ مِنَّا فَضۡلٗاۖ يَٰجِبَالُ أَوِّبِي مَعَهُۥ وَٱلطَّيۡرَۖ وَأَلَنَّا لَهُ ٱلۡحَدِيدَ
Биз Даудга Өз артыкчылыгыбыздан (илим, пайгамбарлык, бийлик) бердик: «Оо, тоолор жана куштар! Дауд менен бирге (мага) тасбих айткыла!» (дедик). Жана ага темирди жумшартып берип:
Explanation & meanings · 1
- Бул жердеги Дауддун тасбих айтуусу азыркы күндөгү көпчүлүк мусулмандар түшүнгөн тасбихтен башкачараак болгон: Ал Аллахты даңктап, Забур аяттарын созолонтуп, мукамдуу окуган. Үнү ушунчалык жагымдуу болгондуктан асмандагы куштар токтоп, тоо-таштар аны менен кошо үн созушкан. Демек, бул жердеги Дауттун «тасбих айтканын» Аллахтын ысым-сыпаты даңкталган Забур аяттарын мукамдуу кыраат кылганы деп түшүнүш керек.