Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

النور

النور is chapter 24 of the Quran and has 64 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

64 Аяттар Сүрөнүн номери 24
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

سُورَةٌ أَنزَلۡنَٰهَا وَفَرَضۡنَٰهَا وَأَنزَلۡنَا فِيهَآ ءَايَٰتِۭ بَيِّنَٰتٖ لَّعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ

Бул сүрөнү Биз түшүрдүк, аны(н өкүмдөрүн) Биз парыз кылдык жана (оо, ыймандуулар) эскерме-сабак алаарсыңар деп, анын ичинде анык далилдерди түшүрдүк.

ٱلزَّانِيَةُ وَٱلزَّانِي فَٱجۡلِدُواْ كُلَّ وَٰحِدٖ مِّنۡهُمَا مِاْئَةَ جَلۡدَةٖۖ وَلَا تَأۡخُذۡكُم بِهِمَا رَأۡفَةٞ فِي دِينِ ٱللَّهِ إِن كُنتُمۡ تُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۖ وَلۡيَشۡهَدۡ عَذَابَهُمَا طَآئِفَةٞ مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

(Үйлөнө элек туруп) зына кылган аял менен зына кылган эркектин ар бирин жүз балактан ургула! Эгер Аллахка жана Акырет Күнүнө ишенчү болсоңор, Аллахтын дининде(ги өкүмдү аткараарда) ал экөөсүнө жан тартпагыла! Экөөсүнүн жазалануусуна момундардын бир тайпасы күбө болуп турушсун.

Explanation & meanings · 1
  1. Эгер зынаакер аял менен эркек үй-бүлө курган (жыныстык лаззаттын «даамын» таткан) адамдар болсо, анда алар үчүн пайгамбарыбыз (с.а.в) белгилеген жаза – ташбараңга алып өлтүрүү. Пайгамбарыбыздын бул жазасы «Сихаху Ситта» деп аталган алты белгилүү хадис китептеринде баяндалган.

ٱلزَّانِي لَا يَنكِحُ إِلَّا زَانِيَةً أَوۡ مُشۡرِكَةٗ وَٱلزَّانِيَةُ لَا يَنكِحُهَآ إِلَّا زَانٍ أَوۡ مُشۡرِكٞۚ وَحُرِّمَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Зынакер эркек зынакер аялга же мушрик аялга гана үйлөнө алат, зынакер аялды дагы зынакер эркек же мушрик эркек гана никесине алат. Ал эми, ыймандууларга бул – арам!

Explanation & meanings · 1
  1. Бул аяттын өкүмү менен зынакер адамдарга качан тообо кылмайынча үйлөнүп болбойт.

وَٱلَّذِينَ يَرۡمُونَ ٱلۡمُحۡصَنَٰتِ ثُمَّ لَمۡ يَأۡتُواْ بِأَرۡبَعَةِ شُهَدَآءَ فَٱجۡلِدُوهُمۡ ثَمَٰنِينَ جَلۡدَةٗ وَلَا تَقۡبَلُواْ لَهُمۡ شَهَٰدَةً أَبَدٗاۚ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ

Таза аялдарга (жана эркектерге «зынакер» деп) доомат коюп, андан кийин төрт (адилеттүү) күбө алып келе албаган адамдарды сексен балак ургула жана алардын күбөлүгүн эч качан кабыл албагыла! Алар – (Аллахка баш ийбеген) бузуку адамдар!

إِلَّا ٱلَّذِينَ تَابُواْ مِنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَ وَأَصۡلَحُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Ал эми, ушунусунан кийин тообо кылган жана (амалдарын) оңдогон адамдар(дын күнөөсүн Аллах кечирет. Анткени,) Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.