24 : 40
أَوۡ كَظُلُمَٰتٖ فِي بَحۡرٖ لُّجِّيّٖ يَغۡشَىٰهُ مَوۡجٞ مِّن فَوۡقِهِۦ مَوۡجٞ مِّن فَوۡقِهِۦ سَحَابٞۚ ظُلُمَٰتُۢ بَعۡضُهَا فَوۡقَ بَعۡضٍ إِذَآ أَخۡرَجَ يَدَهُۥ لَمۡ يَكَدۡ يَرَىٰهَاۗ وَمَن لَّمۡ يَجۡعَلِ ٱللَّهُ لَهُۥ نُورٗا فَمَا لَهُۥ مِن نُّورٍ
Же болбосо (каапырдын кылган иш-аракеттери) терең деңиз түбүндөгү караңгылыктарга окшойт. Аны толкундар орогон. Толкундардын үстүнөн дагы толкун орогон, анын үстүнөн (кара) булут (каптаган). Кабат-кабат караңгылыктар! Эгер (ошол абалда суудан) колун чыгарса да аны көрө албайт. Аллах кимге нур (ыйман) бербесе, ал (ар кандай) нурдан куржалак!
Explanation & meanings · 1
- Каапырлардын ой-пикирин, акыл-эсин ширк, адашуу, бузукулуктар сыяктуу караңгылыктар ороп алган. Качан алар Аллахтын Нуру – Куранга кайрылбаса, эч качан чындыкты көрө албайт.