Skip to content
Сүрөлөрдүн тизмеси /

Муbминyн

ﮣ

Муbминyн is chapter 23 of the Quran and has 118 verses. This page presents it in full in the Uthmani script, with a verse-by-verse translation of its meaning.

118 Аяттар Сүрөнүн номери 23
Аятка өтүү
Kyrgyz · Hakimov
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

قَدۡ أَفۡلَحَ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ

Чынында, ыймандуулар жеңишке (бейишке) жетишти.

ٱلَّذِينَ هُمۡ فِي صَلَاتِهِمۡ خَٰشِعُونَ

Алар намаздарында (Аллахтан) коркуп турушат.

Explanation & meanings · 1
  1. Арабчадагы «хушуу» сөзү, «коркуп жана үмүт кылып туруу» деген маанини билдирет.

وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَنِ ٱللَّغۡوِ مُعۡرِضُونَ

Алар жакшылыгы жок сөз-иштерден ыраак болушат.

Explanation & meanings · 1
  1. Анткени, ар-нерсени чалды-куйду сүйлөй берсең, кадыр баркың кетет жана көбүнчө башыңа балээ түшөт. Пайгамбарыбыз өзүнүн тилин кармап: «Ушуну сактасаңар өзүңөрдү сактаган болсуңар» деген.

وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِلزَّكَوٰةِ فَٰعِلُونَ

Алар (напсилерин) тазалагандар (мал-мүлкүнөн) зекет бергендер.

Explanation & meanings · 1
  1. «Зекет» - «тазартуу» деген мааниде. Эгер бай адамдар байлыгынан зекет бербесе, өз байлыгы өзүнө арам болуп калат.

وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِفُرُوجِهِمۡ حَٰفِظُونَ

Алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.