23 : 68
أَفَلَمۡ يَدَّبَّرُواْ ٱلۡقَوۡلَ أَمۡ جَآءَهُم مَّا لَمۡ يَأۡتِ ءَابَآءَهُمُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Алар Сөзгө (Куранга) пикир кылып карашпайбы?! Же аларга абалкы ата-бабаларына келбеген (жаңы нерсе) келиптирби?!
Explanation & meanings · 1
- Ыйык Китептин келиши жаңылык эмес. Куран сыяктуу Ыйык Китеп мурунку ата-бабаларынын мезгилинде деле келген. Бирок, ата-бабалары ал пайгамбарлардын жолун унутуп, өздөрүнчө мушрикийлик (Аллахка шерик кошкон) дин жасап алышкан.