23 : 89
سَيَقُولُونَ لِلَّهِۚ قُلۡ فَأَنَّىٰ تُسۡحَرُونَ
Алар дароо «Аллахка таандык» дешет. Айткын: «Кантип алдануудасыңар?».
Explanation & meanings · 1
- Мушриктер Аллах таалага ишенишкен, Аны жер-асмандардын толук кожоюну катары тааныган. Бирок, сыйынууга келгенде ошол жеке-жалгыз Кудайга башка нерселерди шерик кылышкан. Албетте, бул акыл-эсинен ажыраган адамдардын напсиге жана шайтанга алдануусу.