Skip to content
Бакара /

Аят 195

2 : 195

Аят 195 of Бакара (2 : 195). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

Бакара Аяттар 286
Сүрө · Бакара
Kyrgyz · Hakimov
2 : 195

وَأَنفِقُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَلَا تُلۡقُواْ بِأَيۡدِيكُمۡ إِلَى ٱلتَّهۡلُكَةِ وَأَحۡسِنُوٓاْۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Аллахтын жолунда нафака (садака) чыгаргыла. Колуңарды (өзүңөрдү) өлүмгө таштабагыла. Жакшылык кылгыла. Аллах эхсан кылуучуларды сүйөт.

Explanation & meanings · 2
  1. Аллахтын ыраазычылыгы, Анын дининин өнүгүшү, дүйнөгө жайылып, бардык диндерге үстөм болушу үчүн мусулман адам жанын, малын, бүт аракетин нафака (чыгаша) кылышы парыз. Аллах жолундагы эң зарыл жана башкаларына өбөлгө болгон нафака – бул материалдык садака. Эгер Аллахтын Дини жогору болушунун эң биринчи шарты жихад болсо жана жихаддын үч түрү болсо (кол менен, мал менен, калем – тил менен) ушул үчөө тең материалдык нафакасыз ишке ашпайт.
  2. “Өзүңөрдү өлүмгө таштабагыла” дегендин мааниси “Аллахтын буйруктарын аткарбай, Анын Динине малыңар, жаныңар жана убакыт-арекетиңер менен жардам бербей отуруп балээге кабылып калбагыла” деген маанини туюндурат. Айрыкча, мусулмандар убактысын, аракетин, акча-байлыгын Аллах жолунда нафака кылбай отура берсе, тез эле башка диндердин, башка элдердин тепсендисинде калып, түз маанисинде чоң балээге кабылышат.